00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эч нерсеге карабайм! Талас башчысы элди күч менен обсервацияга алдырган видео

© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Таласской областиПолпред правительства в Таласской области Марат Мураталиев
Полпред правительства в Таласской области Марат Мураталиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ Соль-Илецк шаарынан келгендердин ичинен 51 адам Талас облусуна кирери менен обсервацияга алынган. Алар жергиликтүү бийликтин тилин албай бир топ түйшүк жаратканы айтылган.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Социалдык тармактарда Россиянын Соль-Илецк шаарынан алып келинип, "Семетей" обсервациясында чыр-чатактан кийин чыгарылгандар Таласка барганда күч менен карантинге алынган видео тарады.

Twitter баракчасына жүктөлгөн видеодон милиция кызматкерлери бир нече кишини колтуктап имараттын экинчи кабатына алып чыгып баратканын көрүүгө болот. Ал ар кандай нааразычылык менен коштолгон. Ичине киргенден кийин кишилер обсервацияда шарт жок экендигин айтышкан.

Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мураталиев: Таласка жакын Чаткал, Жамбылдан вирус чыкты, кооптонуу бар
​Кечээ, 18-майда, Россиянын Соль-Илецк шаарынан келген 51 адам Талас облусуна кирери менен обсервацияга алынган. Алардан кошумча дагы ПЦР-анализ алынып, карантиндик жайда беш күн жаткырылмай болгон.

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы сырттан келген адамдар баш ийбей бир топ түйшүк жаратып, түшүндүрүү иштеринен кийин жергиликтүү бийликтин талаптарына макул болгонун айткан.

Ал арада социалдык тармакта өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев жарандарга күйүп-бышып кайрылган видеосу да тарады.

"Биз элибизге жамандык каалаган жокпуз, биз элди сактап калалы деп жатабыз. Силер бизге жардам беришиңер керек, бир эле жардам сурап жатабыз, үйдө отуруп бергиле, балдарыңарды карагыла деп. Мына ушул жакта отурган мэр, аким, ар жерде ар ким менен байланышып жүрүшөт, байкуштар. Ушулардын эмне бала-чакасы, бир туугандары жок бекен? Үйгө баргандан коркуп жатышат. Кечээ "Манас" лицейине барганда даваатчыларды жата тургула десем, "эмнеге мен сүлгүсү жок жатышым керек" дейт, биз ага карабайбыз, алып келип жаткырабыз. Ким жатпаса милиция, ИВС (убактылуу кармоочу жай) менен обсервация ачып коебуз, ошол жакта жатышат", — деген Мураталиев.

Ошондой эле WhatsApp аркылуу ар кандай ушак маалыматтарды таратпоону өтүнүп, анын жазасы катуу болорун эскерткен.

"Провокациялык маалыматтарды таратканды токтотуңуздар, чоң айыпка жыгыласыңар, камаласыңар. Бири-бириңер менен байланышта болбогула деп суранып жатабыз. Аксакалдар, апалар, агайын-туугандар, балдарга айткылачы. Кээ бирөө вирус жок дейт. Оорудан дүйнө коркуп жатат. Америка, Кытай, Россия күрөшүп жатат. Элибизди аман-эсен сактап калалы. Жакшынакай болуп чыдап бергилечи", — деген Мураталиев.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Талас облусунда коронавируска чалдыккандар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0