Дезинфекция жүргүзүү. Архив - Sputnik Кыргызстан

Коронавирустан качан арылабыз? Кыргызстандагы абал боюнча тексттик баяндама

Жазылуу
Редакция салтка айланган тексттик баяндамасын улантат. Бул жерден окурмандар өлкөдөгү кырдаал тууралуу маалымат ала алышат.

Өлкө аймагында коронавирус жуктуруп алгандардын саны азайбай жатат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин пикиринде, буга элдин коюлган талаптарды, эрежелерди сактабай жатышы себеп.

Sputnik Кыргызстан агенттиги республика аймагындагы акыркы маалыматтар менен тексттик баяндамадан да бөлүшүп турмакчы.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
13:37 23.05.2020

Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров 1-июнга чейин райондогу ири мал базар иштебей турганын айтты. Бирок Бишкектеги "Аламүдүн" базары менен келишим түзүлгөнүн баса белгилеп, эт, мал саткан ишкерлер айылдарды кыдырып мал, тыбыт алып жатканын кошумчалады. Ошондой эле ал райондо курулуш иштери башталып, айрым айылдарда бала бакчалар салынып жатканын да айтып өттү.

13:34 23.05.2020

Район акими Нурбек Сатаровдун брифинг учурунда айтканына караганда аймакта жалпы 77 кишиден коронавирус табылган. Эми баары айыгып, акыркы бейтаптар кечээ, 22-майда, үйлөрүнө чыгарылды.

"Кубанууга али эрте. Анткени обсервацияда жаткандар бар. Мындан улам ар бир жаранды тартипти сактоого чакырат элем. Биз тартип менен гана бул ооруну жеңип атабыз", — деди Сатаров.

12:24 23.05.2020

25-майдан тарта борбор калаада экономикалык ишмердүүлүк жанданат. Мындан улам бул убакта борбор калаага коронавирус менен күрөшүүнүн эң кооптуу жана жоопкерчиликтүү мезгили келет. Бул тууралуу калаа мэри Азиз Суракматов брифинг учурунда билдирди.

"Азыр бийлик, шаардыктар, ишкерлер коронавируска жоопкерчиликтүү мамиле кыла турчу мезгил келди. Калаада коронавирус жуктуруп алгандардын саны арбын. Алсак, коронавирус аныкталган жалпы 348 учур катталган. Анын ичинен бүгүнкү күнү 224 киши айыгып, 124 бейтап стационарда дарыланууда. 348 киши 727 адам менен байланышта болушкан. COVID-19 аныкталган 348 бейтаптын ичинен 90у медицина кызматкерлери, 43ү ИИМ өкүлдөрү", — деди Суракматов.

Мэр соода борбор, транспорттук уюм, спорт зал жана базарлардын жетекчилерине кайрылып, кокус алар оорунун очогу болуп кала турган болсо, жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

10:22 23.05.2020

Арасында 109 мектеп окуучусу бар экени айтылды.

10:16 23.05.2020

Акыркы маалымат боюнча ушу тапта стационарларда 394 киши дарыланууда. Анын ичинен төртөө реанимацияда. Ооруканадан 957 киши чыгарылса, жалпысынан 14 киши каза болду

10:15 23.05.2020

Стационарлардан 2 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 273 учур катталды, алардын ичинен 226 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

10:13 23.05.2020

Брифингде сүйлөгөн саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бир суткада айыккандардын төртөө Бишкектен, экөө Нарындан, бирөө Жалал-Абаддан, бирөө Ош облусунан экенин айтты. Баарынын кайталап алынган анализи таза чыкккан. 

Муну менен өлкөдө коронавирустан сакайгандардын саны 957ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0