Бүгүн Бишкекке Катар менен Кувейттен 107 кыргызстандык кайтып келди
Бүгүн Бишкекке Катар менен Кувейттен 107 кыргызстандык кайтып келди
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар менен бирге келген Казакстандын 31 жаранын казак тарап аэропорттон тосуп алып, атайын унаа менен өлкөсүнө алып кеткен. 14.05.2020, Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар менен бирге келген Казакстандын 31 жаранын казак тарап аэропорттон тосуп алып, атайын унаа менен өлкөсүнө алып кеткен.
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Бүгүн, 14-мартта, Бишкекке Катар менен Кувейт мамлекетинен 107 кыргызстандык кайтып келгенин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, алар Jazeera Airways авиакомпаниясынын Эль-Кувейт — Доха — Бишкек каттамы боюнча учуп келишкен. Кыргызстандыктар менен бирге келген Казакстандын 31 жаранын казак тарап аэропорттон тосуп алып, атайын унаа менен өлкөсүнө алып кеткен.
Келгендерди медициналык процедуралардан өткөрүү үчүн обсервацияга алышкан.
Белгилей кетсек, бул коронавирус пандемиясынан улам эл аралык аба каттамдарынын токтотулушуна байланыштуу чет мамлекеттерде калып кеткен жарандарды кайтаруу ишинин алкагында уюштурулган. Аны президенттин тапшырмасы менен ТИМ аткарууда.