БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан аптага карата аба ырайынын божомолун таратты.
Билдирүүгө ылайык, келе жаткан аптада аба ырайы туруксуз болот. Айрым аймактарга жаан жаашы күтүлүүдө, анткен менен абанын температурасы жогору болору божомолдонду. 12-майдан тарта күн ысып, кээ бир аймактарда күндүн табы 30 градуска чейин жетет.
10-майда өлкө аймагындагы дээрлик бардык аймактарда жаан жаайт.
11-12-майда Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаашы ыктымал. Ош, Баткен, Чүй облустарында күн ачык болот. Нарын менен Ысык-Көлдө өткүн өтүшү мүмкүн.
13-майда Баткен облусунан башка жерде жаан жаабайт, күн ачык болот.
14-майда көпчүлүк облустарда күндүн көзү бузулушу ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.