Катарга кошуп бериңиздер! Чек ара башчысы ок жеген жоокерлерден кабар алды

© Фото / пресс-служба правительства КРРабочая поездка вице-премьера Акрама Мадумарова в рамках в Баткенскую область
Рабочая поездка вице-премьера Акрама Мадумарова в рамках в Баткенскую область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийлик өкүлдөрү аскерлердин сакайып кетишин каалап, тиешелүү жардамдар көрсөтүлөрүн белгилешкен. Бүгүн Бишкектен келген медициналык топ консилиум өткөрөт.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Вице-премьер Акрам Мадумаров жана Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, полковник Уларбек Шаршеев Тажикстан менен чектеш аймактагы ок атышуудан жаракат алган жоокерлерден кабар алды.

Эске сала кетсек, кечээ, 8-майда, кыргыз-тажик чек арасынын аймагындагы жашоочулар жер талашып, жаңжалдаша кетишкен. Тажикстандын УКМКсынын чек ара аскерлери күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларын жана жарандарын көздөй ок чыгарып, анын кесепетинен үч аскер жана бир тургун жаракат алган.

© Фото / пресс-служба правительства КРВице-премьер Акрам Мадумаров жана Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, полковник Уларбек Шаршеев Тажикстан менен чектеш аймактагы ок атышуудан жаракат алган жоокерлерден кабар алды.
Вице-премьер Акрам Мадумаров жана Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, полковник Уларбек Шаршеев Тажикстан менен чектеш аймактагы ок атышуудан жаракат алган жоокерлерден кабар алды. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Вице-премьер Акрам Мадумаров жана Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, полковник Уларбек Шаршеев Тажикстан менен чектеш аймактагы ок атышуудан жаракат алган жоокерлерден кабар алды.
© Фото / пресс-служба правительства КРБаткен облустук ооруканасына жаткырылган жоокерлердин экөөнө операция жасалып, бирөөнүн жараатын тазалашкан.
Баткен облустук ооруканасына жаткырылган жоокерлердин экөөнө операция жасалып, бирөөнүн жараатын тазалашкан. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Баткен облустук ооруканасына жаткырылган жоокерлердин экөөнө операция жасалып, бирөөнүн жараатын тазалашкан.
1/2
Вице-премьер Акрам Мадумаров жана Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, полковник Уларбек Шаршеев Тажикстан менен чектеш аймактагы ок атышуудан жаракат алган жоокерлерден кабар алды.
2/2
Баткен облустук ооруканасына жаткырылган жоокерлердин экөөнө операция жасалып, бирөөнүн жараатын тазалашкан.

Баткен облустук ооруканасына жаткырылган жоокерлердин экөөнө операция жасалып, бирөөнүн жараатын тазалашкан.

Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев алардын тезирээк сакайып кетишин каалап, мекеме аскерлердин ден соолугун калыбына келтирүү үчүн бардык аракеттерди көрүп, жардам бере турганын билдирген. Төрага жоокерлердин абалы боюнча дарыгерлерден маалымат алып жатып, "биз чек арачыларыбыздан жардам аябайбыз, сиздер эң башкысы аларды катарга кошуп бериңиздер" деп суранганы айтылат.

Посол Республики Таджикистан в КР Назирмада Ализода - Sputnik Кыргызстан
Тынчсыздантат! ТИМ Тажикстандын элчисине нааразычылык нотасын тапшырды
Бүгүн Бишкектен келген медициналык топ оор жаракат алган жоокерлерди дарылоо боюнча консилиум өткөрө турганы кошумчаланды.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, вице-премьер Акрам Мадумаров аскерлерге сакайып кетишин каалап, мамлекет тарабынан тиешелүү жардам көрсөтүлөрүн белгилеген.

Иш сапардын жүрүшүндө вице-премьер укук коргоо жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен аймактагы кырдаалды турукташтыруу боюнча ыкчам кеңешме өткөрүп, бир катар тапшырмаларды берген. Мындан тышкары мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу топтордун мындан аркы ишмердүүлүгүнө тийиштүү иштер милдеттендирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0