Россия коронавирус жуктургандардын саны боюнча дүйнөдө 5-орунга чыкты

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМосквадагы Кызыл аянт коронавирус учурунда. Архив
Москвадагы Кызыл аянт коронавирус учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы тапта жер жүзүндө 3 миллион 772 миӊ 367 адам COVID-19га чалдыккан. Анын ичинен 1,25 миллион киши айыкты.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Дүйнө жүзүндө коронавирус жуктурган адамдардын саны боюнча Россия 5-орунга чыкты. Бирок башка өлкөлөргө салыштырмалуу каза болгондор аз. Бул туурасында Жонс Хопкинс университетинин маалыматында айтылат.

Азыркы тапта жер жүзүндө 3 миллион 772 миӊ 367 адам COVID-19га чалдыккан. Алардын ичинен 263 миӊ 983ү каза болду. Ал эми 1 миллион 252 миң 240 киши айыгып чыкты.

Оору эң көп катталган 10 өлкөгө төмөнкүлөр кирет:

  • АКШ – 1 228 609 (каза тапкандар – 73 431);
  • Испания – 220 325 (каза тапкандар – 25 857);
  • Италия – 214 457 (каза тапкандар – 29 684);
  • Улуу Британия – 202 359 (каза тапкандар – 30 150);
  • Россия – 177 160 (каза тапкандар – 1 625);
  • Франция – 174 224 (каза тапкандар – 25 812);
  • Германия – 168 162 (каза тапкандар – 7 275);
  • Түркия – 131 744 (каза тапкандар – 3 584);
  • Бразилия – 126 611 (каза тапкандар – 8 588);
  • Иран – 101 650 (каза тапкандар – 6 418).

Ал эми оорунун очогу болгон Кытай 11-орунда турат. Бул өлкөдө кырдаал турукташып, ооруну жуктургандардын саны кескин өскөнү байкалбайт. Жалпысынан 83 970 адам коронавируска кабылса, 4 637си көз жумган.

Кыргызстанда болсо 895 адам COVID-19 жуктурган, анын ичинен 637си айыгып, 12 бейтап каза болуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0