БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыргызстанда дагы 17 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус аныкталган адамдардын саны 746га жетти.
"17 кишинин үчөө Бишкекте, бирөө Ош шаарында, экөө Ош облусунда, бирөө Жалал-Абадда, тогузу Чүй облусунда, бирөө Нарында. Булардын арасында төрт медицина кызматкери бар", — деди Акматова.
30-апрелге карата алынган маалымат боюнча азыр стационарда 276 киши дарыланып жатат, анын алтоо реанимацияда. Ал эми 462 киши айыгып чыгып, сегиз адам көз жумду.
Ушу тапта өлкөдө абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик баяндамадан билсеңиз болот.