Комендант Оштогу окуучуларга бүтүрүү кечеси, экзамендер боюнча эскертүү берди

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүМектептеги класс карантин учурунда. Архив
Мектептеги класс карантин учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Комендант мектеп жана университеттерде өтө көп адам чогулгандыктан кооптуулук алда канча жогорку экенин белгилеп өттү.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Ош облусу жана шаарында быйыл окуучулар экзамендерди дистанттык түрдө тапшырып, бүтүрүү кечелери өткөрүлбөйт. Бул туурасында Ош шаары жана Кара-Суу, Ноокат райондору боюнча комендант Малик Нурдинов маалымат жыйында билдирди.

Комендант мектеп жана университеттерде өтө көп адам чогулгандыктан кооптуулук алда канча жогорку экенин белгилөө менен дистанттык режимге көнүүгө чакырды.

“Мындан 10 күн мурда мектеп директорлору менен сүйлөшкөндө “жылдык баалар IV чейрегинин жыйынтыгы менен коюлат. Эгер үч чейрек начар окуп, мында жакшы окуса ошого каралат” деп айтышкан. Мамлекеттик экзамендер да дистанттык негизде өтөт. Муну менен окуучуларга аябай ыңгайлуу шарт түзүлүп жатат, мектепте такай көзөмөл болмок, үйдөн тапшырганда бардык окуу куралдары жанында. ЖРТ дагы ушундай өтүшү мүмкүн. Андыктан көп упай алганга аябай жакшы шарт түзүлүп жатат”, — деди Нурдинов.

Ошондой эле ал илдетке кабылгандар толук айыгып чыкмайынча кепилдик жок экенин айтып, бүтүрүү кечелери дагы өтпөй турганын эскертти.

Бүгүнкү күндө Ош облусунда 160 жана шаарында 110 адамга коронавирус жукканы маалым.

Коронавирустун кесепети

Ош шаары жана Кара-Суу, Ноокат райондору боюнча комендант Малик Нурдинов  - Sputnik Кыргызстан
Ош коменданты быйыл мектепте 20 жылдыктар өтпөй турганын айтты
Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 695ке жетип, анын жарымынан көбү, 395и айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0