Эмгек мигранттарына көмөк көрсөтүүгө бюджеттик акчадан сарптоо сунушу айрым эксперттерди кыжырдантпай койгон жок. Бирок алар жаңылышат. Анткени бул россиялыктардын өздөрүнүн жыргалчылыгы үчүн зарыл. Мындай пикирин Россия Федерациясынын Каржы университетинин саясат таануу департаментинин доценти Геворг Мирзаян ортого салды.
РФ тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков бир нече күн оболу бул макаланын авторунун суроолоруна жооп берип жатып, постсоветтик мейкиндикте идеялык атаандаштыкты жеңүүдө АКШга караганда Россиянын артыкчылыгы жогору экенин белгиледи.
"Россия жана кезегинде бир өлкөнүн курамындагы анын коңшуларынын ортосундагы тарыхый, маданий, адамдык, экономикалык жана башка кандай байланыш болбосун, АКШ жана анын азыркы, андан мурунку да администрациялары сунуштаган нерселердин баарына караганда ченемсиз терең, бекем жана бай деп эсептейбиз", — деп түшүндүрөт дипломат.
Өз ара мамилелердин мындай тереңдигинен улам коңшулаш өлкөлөрдүн калкы алигүнчө Москваны жана россиялыктарды өз катары көрөт. Бирок жалпы тарых жөнүндө эле айта берүүгө болбойт, россиялыктар постсоветтик мейкиндиктеги жарандарды "өз" санаарын иш жүзүндө көрсөтүүгө тийиш. Бүгүнкүдөй оор кырдаалда жалгыз таштап коюшпайт.
Жергиликтүү улутчулдардын дегени менен болуп, унчукпай коюп, постсоветтик өлкөлөргө чек араларды жаап койгонго чейин баруу — натыйжасыз. Мигранттарды каржылык жактан колдоо тактоону талап кылары анык. Болгондо да эксперттердин, бийлик деңгээлинде.
"Өкмөт бул демилгени дыкат карап, мындай жардамды кимдер аларын аныктап чыгууга тийиш деп эсептейбиз. Эгер зарыл болсо, биз Эмгек кодексине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизебиз", — деп билдирет Мамлекеттик Думадагы "Бирдиктүү Россия" ("Единая Россия") фракциясынын жетекчисинин биринчи орун басары Андрей Исаев.
Балким бул көмөктү кайра кайтара тургандай кылса да болор, маселен, эмгек мигранты бул сумманы мамлекетке акырындап бөлүп бере алат же муну эмгек патентинин акысын жогорулатуу аркылуу да чечсе болот (Москвада патент айына 5 миң рублдин тегерегинде болот).
Албетте, мигрант андай төлөмдөн качып, мекенине кетип калышы да мүмкүн, бирок андай ыктымалдык аздык кылат. Себеби Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын жүз миңдеген жараны үчүн Россиядан башка жакка ишке орношууда тандоо жок.
Кандай болгон учурда да бул жардам кайрымдуулук эмес, келечекке болгон салым экенин түшүнүү керек. Бул – биздин орток келечек.