БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Өзгөчө абал режими киргенден кийин Ош облусу жана Ош шаарында үй-бүлөлүк зомбулук азайды. Бул туурасында Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов маалымат жыйын учурунда билдирди.
Анын айтымында, коменданттык саат киргенден баштап (25-март) облуста 50, ал эми шаарда 9 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталган.
“Былтыркыга салыштырмалуу Ош облусунда 14 учурга азайды. Үйдө отуруп калганда же көптөн бери көрүшө электер бири-бирин сөзгө алып уруш-жаңжал болуп жатабы деген суроо менен аймактык тескөөчүлөргө, айыл башчыларга кайрылып жатабыз. Андай учурлар аз. Катталгандардын арасында аялы күйөөсүнө кол көтөрүп койгон учурлар бар. Ага-ини, кайнене-келин урушуп кеткени болот. Мындай фактылар пандемияга чейин деле болуп келген. Кайра жарашышат буюрса. Аларга кылмыш иши козголгон жок, Бузуулар кодексинин негизинде чара көрөбүз”, — деди Нурдинов.
Мындан сырткары, комендант кылмыштуулук жана жол кырсыктары да кескин азайганын кошумчалады.
Коронавирустун кесепети
Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаарлары жана Кара-Суу, Ноокат, Сузак, Ат-Башы райондоруна өзгөчө абал жарыяланып, кечки саат 21.00дөн 6.00гө чейин коменданттык саат киргизилген.
Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.