00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:09
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Спортбокс
Кыргызстандын жаштар курамасы Азия кубогунун тандап алуу оюндарын өткөрөт — футболчулардын даярдыгы кандай?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему мировая культура не сможет обойтись без русской литературы
18:11
40 мин
On air
18:56
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кан аралаш жөтөлүп... COVID-19 жуктурган 3 медиктин абалы оор экени айтылды

© Sputnik / Георгий Зимарев / Медиабанкка өтүүГоспиталь для лечения больных коронавирусом в Краснодарском крае
Госпиталь для лечения больных коронавирусом в Краснодарском крае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин депутат дарыгерлердин арасында кан аралаш жөтөлүп, сүйлөй албай калып жаткандары бар экенин айткан.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алган үч медицина кызматкеринин абалы оор. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, учурда коронавируска чалдыккан 11 бейтаптын абалы оор деп бааланууда, анын ичинен алтоо жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Кечээ Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева Ош шаарында коронавируска кабылган дарыгерлер менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жазып, арасында кан аралаш жөтөлүп жаткандары да бар экенин кабарлаган.

“Абалдары күндөн-күнгө начарлап, баары эле кошумча дем алдыруучу аппаратта. Кан аралаш жөтөлгөндөр, сүйлөй албай калгандары да бар. Мени менен сүйлөшүп жатып да, аба жетпей, сүйлөй албай калып жатышты. Ыйлагың келет! "Бизди акчасы да, эчтекеси кызыктырбайт, тирүү калсак деп жатабыз. Биздин атыбызды, аброюбузду коргоп бергиле!" деп ыйлашты. Баары эле өмүр бою иштеген дарыгерлер”, — деп жазган депутат.

Касымалиеванын айтымында, ал медиктерди биринчи күндөрү жетекчилиги умрадан келгендерден анализ алууга жөнөткөн. Ал жерде атайын форма менен болгон күндө да кийин ординатордук бөлүмдө чогуу тамактанып, маршруткаларда чогуу жүрүшкөн.

Дартка чалдыккан медицина кызматкерлери күн санап көбөйүп жатат. Бүгүн эле 16 ак халатчан вирус жуктурганы аныкталып, жалпы саны 79га жетти.

Коронавирустун кесепети

Соңку маалымат боюнча, Кыргызстанда коронавирус аныкталган адамдардын жалпы саны 419га жетти. Анын арасынан 67 адам айыгып чыкса, бешөө каза болуп калды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0