00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Даяр эмес экенсиңер! Жээнбеков саламаттык сактоо министрине каарын төктү

Жазылуу
Мамлекет башчы өлкөдө коронавирус жуктургандардын санынын өсүшү алдын алуу иштеринин чабал жүрүп жатканын айгинелеп койгонун баса белгилеген.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге каарын төктү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков өлкөдө коронавирус жуктургандардын санынын өсүшү алдын алуу иштеринин чабал жүрүп жатканын айгинелеп койгонун баса белгилеген.

Президент Республикалык штаб жана Саламаттык сактоо министрлиги илдеттин жайылышын шарттап, жугузуп алгандар менен байланышта болгон адамдардын тобун өз маалында аныктабагандыгын сынга алды.

"Коопсуздук кеңеши бул маселе боюнча төрт жолу жыйынга чогулду. Иштин негизги багыттары так аныкталган. Жыйынтыгында Коопсуздук кеңешинин чечимдери ишке ашпай калганын көрүп жатабыз", — деди Жээнбеков.

Үйдө отуруп жардам бергиле! Дарыгерлер кыргызстандыктарга кайрылды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Үйдө отуруп жардам бергиле! Дарыгерлер кыргызстандыктарга кайрылды. Видео
Ошондой эле президент лабораториялык изилдөөлөрдү өткөрүүгө өз маалында даярдык болбогондугу, медициналык техникалар менен жабдылбагандыгы жана тестирлөөгө керектөөчү материалдардын запасы жетишсиз болгону үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн өзүнчө сынга алды.

Ошондой эле мамлекет башчы медиктердин жеке коргонуусу үчүн зарыл болгон каражаттар, бүгүнкүдөй шартта алардын күнүмдүк иши үчүн зарыл болгон транспорт жана башка керектүү каражаттар менен камсыздалбаганы үчүн да урушкан.

"Январда сиз биздин лабораториялар даяр деп маалымат бердиңиз эле. Чындыгында андай эмес экен. Тестирлөө реагенттери жетишсиз болуп чыкты. Министрлик өз убагында ыкчам чараларды көрүүсү зарыл болчу", — деп белгиледи Жээнбеков саламаттык сактоо министрине кайрылып.

Президент Сооронбай Жээнбеков комендатуралардын ишмердигине карата жарандардын нааразычылыгы болуп жатканын, анын ичинде атайын өткөрүү баракчаларын (пропуск) берүү, блокпостторду атайын жабдыктар менен жабдуу, блокпосттордо турган кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо маселелерин эске салды.

Коронавируска анализ алуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарын: Пакистандагы дааваттан келген кишиден COVID-19 жакындарына жуккан
Ошондой эле өлкөнүн өткөрмө пункттарындагы карантин-санитардык постторунун ишмердигине, келип жаткан жарандарды текшерүү боюнча иш жетишсиз уюшулганына көңүл бурду.

Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча өкмөткө бир катар сунуштар киргизилди.

Ошондой эле Коопсуздук кеңеши тарабынан премьер-министрге өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын киришин алдын алуу боюнча жетишсиз иштери үчүн өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө чара көрүү сунушу киргизилди.

Коронавирус Кыргызстанда

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 107ге жетти. Алардын 49у эркектер, 58и аял. Ал эми кечээ Сузактын үч тургуну айыгып чыкканы кабарланган.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. Кечки саат 20.00дөн таңкы 7.00гө чейин коменданттык саат киргизилди. Мындай режим 15-апрелге чейин созулат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0