БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. SputnikPro эл аралык билим берүү долбоору 26-январь күнү саат 16:00дө (Бишкек убактысы) "Коронавирус темасын кантип мыкты чагылдыруу керек" аттуу темада өзүнүн биринчи онлайн сессиясын баштайт.
Спикерлер – микробиолог, гендик инженер, илим жайылтуучу Евгений Плисов, "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин Башкы дирекциясынын жетекчисинин орун басары Елена Глушакова.
![Онлайн SputnikPro: COVID-19 темасын кантип мыкты чагылдыруу керек Онлайн SputnikPro: COVID-19 темасын кантип мыкты чагылдыруу керек - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104755/09/1047550905_0:0:853:1280_600x0_80_0_0_993d9f595306501237995f8e1a96190d.jpg)
![Онлайн SputnikPro: COVID-19 темасын кантип мыкты чагылдыруу керек Онлайн SputnikPro: COVID-19 темасын кантип мыкты чагылдыруу керек - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104755/09/1047550900_0:0:911:810_600x0_80_0_0_0853be252ff32bc9fe879da1031d4219.png)
Елена Глушакова "Россия сегодня" маалымат агенттигинде 1999-жылдан бери эмгектенет. Аскерий-дипломатиялык редакцияда стажировкадан өткөн, РФ ТИМинин ишмердүүлүгүн чагылдырган, РИА Новости агенттигинин Кремлдеги пулдун корреспонденти болгон. Кийин саясий редакцияны жетектеп, 2014-жылдын аягынан тарта РИА Новости агенттигинин орус тилдүү лентасын көзөмөлдөй баштаган.
SputnikPro — өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларынан башталып, Белоруссия, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.
Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт.