Распространение коронавируса в мире  - Sputnik Кыргызстан

Өзбекстанда коронавирус катталды. Учурда эмне болуп жатат

Жазылуу
Коронавирус жакында эле Франциядан келген жарандан аныкталган. Учурда Өзбекстандын бийлиги ооруну өлкөгө жайылтпоо үчүн чараларды күчөткөнү айтылды.

Өзбекстанда алгачкы жолу коронавирус жуктуруп алган адам катталганын өлкөнүн Санитардык-эпидемиологиялык агенттиги жарыялады.

Анализдер жакында эле Франциядан келген жарандан алынган. Учурда Өзбекстандын бийлиги ооруну өлкөгө жайылтпоо үчүн чараларды күчөткөнү айтылды.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
12:08 16.03.2020

Өлкөнүн Бажы комитети чек арадагы кирип-чыгууга киргизилген тыюу адамдарга гана тийиштүү экенин, жүк ташуу мурунку калыбында каларын белгиледи. Жүк ташуучулар тиешелүү текшерүүдөн өтүп, ишмердүүлүгүн уланта берсе болот.

12:07 16.03.2020

Бүгүн эле төрт кишиден коронавирус аныкталган. Жалпы саны 6га жетти. 

10:36 16.03.2020

"Ташкент" автобекети күнү-түнү иштөөгө өтүп, аймактарга каттаган автобустардын санын эки эсеге көбөйттү. Карши, Бухара, Үргөнч жана Термезге кошумча темир жол каттамдары уюштурулду.

10:29 16.03.2020

Өзбекстандын Мамлекеттик салык комитети азык-түлүккө жана керектелчү товарларга коюлган бааны тескеп турат. 

09:22 16.03.2020

Ал арада өлкөдөгү бардык кинотеатрлар жабылды. "Өзбеккино" чектөө киргизилген маалда көрсөтүлчү көркөм, даректүү, анимациялык фильмдердин тизмесин түзүп бермей болду.

09:21 16.03.2020

Өлкө бийлиги тиийштүү чараларадын баарын көрүп жатканын айтып, ызы-чуу түшүүгө негиз жок деп белгиледи.

09:19 16.03.2020

Коронавирус жуктуруп алган алгачкы адамдын уулу менен кызынан, ошондой эле Стамбулдан учуп келген өзбекстандык жарандан вирус табылды.

16:43 15.03.2020

Өзбекстанда 16-мартта тарта бардык жогорку окуу жайлар, мектептер жана бала бакчалар жабылат. Мындай чара коронавирустун жайылышына бөгөт болорун премьер-министр Абдулла Арипов билдирди. Анын айтымында, балдардын билим алуусун үзүгүлтүккө учуратпоо үчүн Улуттук телерадиокомпания видео сабактарды даярдамакчы.

12:42 15.03.2020

Ушу тапта Өзбекстанда үй карантинине коронавирус жайылып жаткан өлкөлөрдөн келген 7,7 миң адам алынган. Анын 2,1 миңи дарыгерлердин көзөмөлүндө болсо, калганы 14 күндүк карантинден кийин кое берилген.

12:38 15.03.2020

Санитардык-эпидемиологиялык агенттиктин башкы санитардык дарыгери Бахром Алматов коронавирустун аныкталышы боюнча билдирүү таратып, тынчсызданууга негиз жок экенин айтты.

"Ушу тапта коронавирус жуктуруп алган адамдын ким менен баарлашып, байланышта болгону такталып, аны менен кошо учуп келген жүргүнчүлөрдүн тизмеси аныкталды. Азыр аларды медициналык көзөмөлгө алуу боюнча иштер жүрүп жатат. Бардык тийиштүү чаралар көрүлүп жатат", — деди Алматов.

12:38 15.03.2020

Оору көп жайылган алдыңкы беш мамлекеттин катарында Кытай (ооругандар — 80 995), Италия (21 157), Иран (12 729), Түштүк Корея (8 086), Испания (6 391) турат. Дарт 110го чукул мамлекетке жайылды.

12:34 15.03.2020

15-мартка карата алынган маалыматка ылайык, дүйнө жүзү боюнча коронавируска 156 396 адам чалдыгып, анын 73 968и сакайды. Ал эми илдеттен көз жумгандардын саны 5 833кө жетти.

12:34 15.03.2020

Бул Борбор Азия мамлекеттеринде коронавирус катталган экинчи учур. Буга чейин Казакстанда катталып, ал жакта ушул тапта алты адам вирус менен күрөшүп жатат.

12:34 15.03.2020

Учурда Өзбекстандын бийлиги ооруну өлкөгө жайылтпоо үчүн чараларды күчөткөнү айтылды.

12:33 15.03.2020

Өзбекстанда алгачкы жолу коронавирус жуктуруп алган адам катталды. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан Санитардык-эпидемиологиялык агенттикке шилтеме берип жазды.

Анализдер жакында эле Франциядан келген жарандан алынган. Бүгүн саат 6.00дө тесттин жыйынтыгы вирус бар экендигин көрсөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0