БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакырып, аймактарда күн сайын азык-түлүк запасын текшерип, бааларды көзөмөлдөп туруу тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, буга чейин коронавирустун өлкөнүн экономикалык абалына тийгизген кесепеттерин азайтуу боюнча республикалык штаб түзүлгөн. Вице-премьер анын алкагында райондордо жана облустарда штабдарды уюштурууну тапшырды.
"Өндүрүш көлөмү, ташып келүүлөр, баалар боюнча өндүрүүчүлөр, ири соода түйүндөрүнүн жана базарлардын кожоюндары менен жолугушуп, сүйлөшүү зарыл. Биз чийки заттардын көлөмү, ташып келүү боюнча келишимдер, каржылоодогу муктаждыктар жана чет элдик жумушчу күчтөрдүн зарылдыгы жөнүндө билишибиз керек", — деди Асрандиев.
Асрандиев атамекендик рынокто кырдаал туруктуу, айыл чарба багытындагы товарлар жетиштүү, экспорттоо мурдагыдай эле жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Белгилей кетүүчү жагдай, кыргыз тарап продукцияларды ташууга кандайдыр бир чектөө киргизген жок. Ошол эле учурда муктаждыктагы товарларды ташуунун көлөмүнө көзөмөл жүргүзүлүүдө.