Жээнбеков коронавирустан улам өлкөдөгү экономикалык кырдаалдан кабар алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер Эркин Асрандиев, президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен жолугушуу учурунда
Президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер Эркин Асрандиев, президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы республикалык штаб азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, эл керектеген товарларды өндүрүүгө жана аларды ташып келген ишкерлер менен тыгыз кызматташууга басым жасашы керектигин айтты.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков коронавирустун дүйнөдө жайылышынан улам өлкөдөгү экономикалык кырдаалдан кабар алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер Эркин Асрандиев, президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен жолугушуу учурунда
Жээнбеков коронавирустан улам өлкөдөгү экономикалык кырдаалдан кабар алды - Sputnik Кыргызстан
Президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер Эркин Асрандиев, президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен жолугушуу учурунда

Ага ылайык, Жээнбеков вице-премьер Эркин Асрандиев, президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен жолуккан.

Анда коронавирустун дүйнөдө жайылышы Кыргызстандын экономикалык коопсуздугуна кандай таасир тийгизип жаткандыгы тууралуу сөз болду. Асрандиев Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, экономикалык абалга көз салган республикалык штаб 3-мартта түзүлгөнүн эске салды.

"Штаб дүйнөдөгү экономикалык кырдаалга анализ жүргүзүп, ошого жараша өлкөдө экономикалык иш-чараларды уюштуруп турат. Учурда базарлардагы кырдаалдарга көз салынууда. Мындан сырткары, атамекендик өндүрүшчүлөрдү, жүк ташуучуларды, жеткирип берүүчүлөр менен импортерлорду колдогон иш-чаралар планы иштелип чыкты", — деди Асрандиев.

КР дарыгерлери коронавирусту кантип аныктайт? Лабораториядагы видео - Sputnik Кыргызстан
КР дарыгерлери коронавирусту кантип аныктайт? Лабораториядагы видео
Вице-премьер жер-жерлердеги кырдаалга көзөмөл жүргүзүү үчүн райондук деңгээлде да штабдар түзүлө турганын билдирди. Айтымында, республика боюнча абал туруктуу. Бүгүнкү күндө негизги товарлардын запасы жетишерлик.

Президент Сооронбай Жээнбеков республикалык штаб максималдуу түрдө натыйжа көрсөтүшү керектигин баса белгиледи. Өлкө башчы штаб азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, эл керектеген товарларды өндүрүүгө жана аларды ташып келген ишкерлер менен тыгыз кызматташууга басым жасашы керектигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0