https://sputnik.kg/20200306/askerij-ehkspert-idlibdegi-kyrdaal-tuuraluu-1047298326.html
Путин менен Эрдоган эпке келди. Макулдашуу кантип ишке ашат?
Путин менен Эрдоган эпке келди. Макулдашуу кантип ишке ашат?
Sputnik Кыргызстан
Россия менен Түркиянын президенттери Сириядагы согуштук аракеттерди токтотууну макулдашышты. Бирок көйгөйлүү маселелер дагы деле калып жатканын аскерий эксперт... 06.03.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-03-06T16:22+0600
2020-03-06T16:22+0600
2021-12-16T22:22+0600
https://sputnik.kg/img/104729/82/1047298294_0:0:2707:1523_1920x0_80_0_0_8978b13b8bcae01730c9926cf9377ae4.jpg
түркия
сирия
идлиб провинциясы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104729/82/1047298294_0:0:2707:2031_1920x0_80_0_0_e4b337885f43f657b6169669473494f5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, саясат, дүйнөдө, түркия, владимир путин, режеп тайип эрдоган, сирия, идлиб провинциясы, россия
жаңылыктар, саясат, дүйнөдө, түркия, владимир путин, режеп тайип эрдоган, сирия, идлиб провинциясы, россия
Путин менен Эрдоган эпке келди. Макулдашуу кантип ишке ашат?
16:22 06.03.2020 (Жаңыртылды: 22:22 16.12.2021) Россия менен Түркиянын президенттери Сириядагы согуштук аракеттерди токтотууну макулдашышты. Бирок көйгөйлүү маселелер дагы деле калып жатканын аскерий эксперт Алексей Подберезкин айтып берди.
Владимир Путин менен Режеп Тайип Эрдогандын сүйлөшүүсү алты саатка созулду. Натыйжада эки лидер Сириянын Идлиб провинциясында согуштук аракеттерди токтотууну чечип, макулдашуунун долбоорун эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери тааныштырышты.
Согуштук аракеттер 6-марттын түнүнө тарта токтотулду. Мындан тышкары, Москва менен Анкара М-4 трассасынын жанынан коопсуздук коридорун уюштурмакчы. Анын туурасы түндүк менен түштүктү көздөй алты чакырымга созулат. Ал эми 15-марттан тарта биргелешкен көзөмөл башталат.
Москва менен Түркия 2017-жылы деэслакация аймагын түзүү боюнча келишим жана 2018-жылы кабыл алынган Сочи меморандуму күчүндө экенин тастыктап, террорчулуктун бардык түрүнө каршы турууга даярдыгын билдиришти. Мындан тышкары, Сириядагы согуш курал менен чечилбей турганын айтып, өлкөнүн көз карандысыздыгынын сакталышына кызыкдар экенин белгилешти.
МГИМОнун аскерий-саясий изилдөө борборунун директору, тарых илимдеринин доктору Алексей Подберезкин Sputnik радиосунун эфиринде эки лидердин ортосундагы макулдашуунун маанилүүлүгүн айтып берди.
"Путин менен Эрдогандын сүйлөшүүсү принципиалдуу мүнөзгө ээ. Аларды ишке ашыруу өзүнчө кеп, өтө оор болот. Путин Эрдоган экөө чыр-чатакка катыштыгы барлардын баарынын жоопкерчилигин өздөрүнө алышты, бул өтө опурталдуу чечим. Идлибдеги согуштун башка катышуучулары Путин менен Эрдогандын айтканына көнүп берери арсар. Бирок кырдаалды Россиянын куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлдөй турганы олуттуу мааниге ээ — бул эгер каалоо болсо өтө татаал маселелерди чечүүгө болот дегенди түшүндүрөт. Эпке келүүнүн өзү абдан жакшы жетишкендик", — деди Подберезкин.
Идлибдеги кырдаал
5 Жалган Куран 2020, 12:48
Идлибдеги абал террорчулардын Сирия армиясына чабуул баштаганынан кийин курчуп кеткен. Өкмөттүк армия жооп катары сокку уруп, андан согушкерлердин жанында жүргөн Түркиянын 36 аскер адамы каза тапкан.
Жооп иретинде Анкара Сириянын түндүк-батышында согуштук операция баштай турганын жар салган. Буга чейин РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров Анкара Идлиб боюнча бир катар милдеттемелерин аткарбай койгонун айткан болчу. Мында Түркия оппозициянын өкмөт менен сүйлөшүүгө даяр бөлүгүн террорчулардан бөлбөй койгонуна доомат коюлду.