БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылына карата өткөн гала-концерт боюнча пикирин айтты.
Элчи Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн маалымат жыйынга катышты. Анын айтымында, иш-чара эң жогорку деңгээлде өттү.
"Сиздер билгендей, Кремлде эки өлкөнүн Маданият министрликтери даярдаган эң сонун концерт болуп өттү. Көрүүчүлөр ар бир номерди жылуу кабыл алып жатышты. Мага айрыкча биргеликте аткарылган номерлер абдан жакты. Мисалы, россиялык таланттар кыргызча ырдашты", — деди элчи.
Ал ошондой эле россиялык актриса Анна Большова улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасынан үзүндүнү жүрөккө жеткире окуганын белгилеп кетти.
"Кремлдеги гала-концерт акыркы мезгилдеги эң кызыктуу иш-чаралардын бири болуп калды. Шоу максатына жетти. Чоң залга эл толуп, таасирленип кетишти. Мен Instagram баракчама дагы "Эки өлкөнүн Маданият министрликтерине "респект" деп жаздым". Алар мыкты даярданышыптыр", — деди Удовиченко.
Эске салсак, 27-февраль күнү Москвада Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын ачылыш аземи болуп өттү. Тарыхый окуя масштабдуу гала-концерт менен башталды.
Баса, Кремлде жылдызы жанган беш өнөрпоздун баянын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган лонгридден таанышыңыз.