Ири иш-чаралардын топтомун баштардын алдында тараптар адатка айлангандай экономика, коопсуздук жана билим берүү тармагындагы өз ара кызматташуунун жыйынтыгын чыгарышат.
Эки мамлекет ЖККУ жана ЕАЭБ өңдүү стратегиялык бирикмелердин алкагында да, ошондой эле эки тараптуу да кызматташып келет. Соңку жылдардын жыйынтыгында Бишкек Москва үчүн аймактагы эң жакын өнөктөштөрдүн бирине айланды.
Экономика
Экономика жаатындагы кызматташуу кыйла жемиштүү. Евразиялык аналитикалык клубдун маалыматтары боюнча, 2015-жылдан бери эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 1,3 миллиард доллардан 1,8 миллиард долларга өстү. Айрыкча, Кыргызстандан товар экспорттоо 200 миллион доллардан ашкан деңгээлге чыкты. Өсүш Кыргызстандын Евразиялык биримдикке мүчө болуп киргенден кийин жалпы рынокко кызуу ташыла баштаган айыл чарба жана жеңил өнөр жай өндүрүмдөрүнө тиешелүү.
Көптөгөн эмгек мигранттары келечекте мекенде бизнес ачууга, үй-бүлөлүк чарбаны өнүктүрүү же чакан өндүрүш ачуу үчүн каражат топтошот. Миллиондогон инвестициялар Россиядан (2019-жылдын алгачкы 9 айында 32 млн. доллар тартылган) келет.
Экономиканы илгерилетүүдө Кыргызстанда жалпы рынокко багытталган жаңы өндүрүштү колдоого алчу Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду өзгөчө роль ойнойт. Ал түптөлгөндөн бери 2355 бизнес долбооруна каржылык көмөк көрсөтүлдү. Анын колдоосу менен айыл чарба өндүрүмдөрүн экспорттоо үчүн логистикалык борборлор, Ош, Токмок шаарларында текстилдик фабрикалар жана бир топ башка маанилүү долбоорлор ишке кирди.
Республиканын аймагында Кыргызстандын газ-транспорттук түйүнүн жаңылоо жана газдаштырууга жүздөгөн миллиард рубль салган "Газпром" иш алпарат. "Альянс" россиялык ишканасы Жер-Үйдөгү алтын кенин иштете баштамакчы. Бул кен — өлкөнүн аймагында чоңдугу боюнча экинчи орунда.
Азыр инвестициялар республиканын технологиялык өнөр жайына көбүрөөк багытталууда. "Ростех" компаниясы "Дастан" кыргыз заводуна салым салуу жана "ВПК-Урал" сооттолгон автомобилдерди өндүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Республикада россиялык авто өндүрүшчүлөрдүн унаа куроочу, ошондой эле алардын дилердик борборлорунун түйүнүн түзүү жаатында да сөз бар. Бара-бара бул Кыргызстанды кайра индустриялаштырууга, 1990-жылдары күчүн жоготкон оор жана илимий эсептер менен жүргүзүлгөн өндүрүштү кайра жандандырууга көмөкчү болот.
Коопсуздук
1999-жылкы Баткен окуяларынан соң көпчүлүк өз алдынча күрөшүү оңой-олтоң болбогон тышкы соккулардан, мамлекеттик жана террордук чабуулдардан өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн Кыргызстан ири аскерий державалар менен өнөктөш болуусу зарыл экенин түшүнгөн.
Анык аскерий функциялар менен катар россиялык аскер кызматкерлери ири социалдык иш алып барары кеңири белгилүү: кыргызстандык ардагерлерге колдоо көрсөтөт, жаштар арасындагы спорттук мелдештерди өткөрөт, гуманитардык долбоорлорго катышат.
Ушул тапта республиканын коргонуусунда Канттагы аскер-аба базасы маанилүү ролду ойнойт, анан калса Россия анын ижарасына жылына 4,7 миллион доллардан ашуун акы төлөйт. 2019-жылдан тарта бул объект кеңейтилип, базада аскерий учкучсуз учактар жана абадан коргонуу күчтөрүнүн каражаттары жайгашкан.
Мындан тышкары, Россия Кыргызстандын чек араларын түздөн-түз коргоого колдоо көрсөтөт. Россиялык каражатка Кытай менен чек арада, тагыраак, "Торугарт" өткөрүү бекетинде (Нарын облусу) автоматтык текшерүү комплекстери орнотулууда. Бул багытта республика жыл сайын бюджеттен жүздөгөн миллион долларлык жоготууларга алып келген жана саясий тобокелдиктерди жараткан аткезчиликтин чоң агымына тушугууда. Ошондой эле кыргызстандык чек арачыларга россиялык ФСБнын чек арачылардын ыкчам тобу да жардам берет.
Дегеле россиялык аскердик жогорку окуу жайлары Кыргызстандын армиясы жана УКМКсы үчүн офицердик кадрларды даярдоодо башкы ролду ойнойт. Алардын азыркы, ал тургай постсоветтик муундагы жетекчилер да Россияда жогорку билим алган.
Ошондой эле Россия кыргызстандык армияны кайра куралдандырып келет. Акыркы убакта республикага 12,5 миллиондон ашуун долларга аскер техникасы берилген. Анын ичинде Ми-8МТ тик учактары, П-18-2 радиолокациялык станциялар, ошондой эле көптөгөн аба техникасы жана ок атуучу курал-жарактардын көптөгөн үлгүсү да бар. Кыргызстандык куралдуу күчтөрдүн пикиринде, республиканын армиясы жана коргоо кызматтары пайдаланган дээрлик бардык "хайтек" каражаттар дал ушул Россиядан чыккан.
Билим берүү тармагы
Соңку убакта кызматташуунун эки тараптуу күн деминде маданият жана билим берүүгө байланыштуу жагымдуу жаңылыктар көбүрөөк орун ээлөөдө. Бул эки өлкөнүн тийиштүү министрликтеринин ортосундагы кызматташууну өрчүтүү жана өкмөттөр аралык комиссиянын ишинен улам мүмкүн болуп отурат.
2019-жылы Кыргызстанда Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу жөнүндө макулдашылды. Бул Бишкек калаасындагы Ельцин атындагы КРСУ жана Ош облусундагы РМСУ филиалын толуктамакчы.
Ошондой эле РМСУ базасында баарынан оболу Ош облусунун бойго жеткен, Россияга чыгууну пландаган эмгек мигранттары үчүн багытталган тил курстарынын ачылары айтылууда.
Сыртта эмгектенүүнү каалоочуларды максаттуу топтоо борборлорунун ишинин жыйындысында бул эмгек миграция процессин бардыгы үчүн жөнөкөй жана коопсуз кылууга тийиш. Муну менен гана чектелбейт. Россиянын жогорку окуу жайларында, анын ичинен бюджеттик орундарда Кыргызстандан миңдеген студенттер билим алышат.
Келечек
Россия менен Кыргызстан экономика, коопсуздук жана билим берүү алкагындагы кызматташууну мындан ары да өрчүтө бермекчи. Россиялык тарап демографиялык кыйынчылыктарга жана айрым пассионардык таңсыктыкка тушугууда, ал эми Кыргызстанда жаш муун тез өсүп, аны эмгек рыногу, технологиялардын жана финансылык ресурстардын тартыштыгы толук канааттандыра албайт.
Россия алардын өз мекенинде өнөр жай ишканасын ачуу, ошондой эле эки мамлекет үчүн тең бычакка сап болчу кадрларды даярдоону камсыздоодо.
Талап кылынган каражат жана колдо бар мүмкүнчүлүктөрдүн мындай шайкеш келиши бири-бирин толуктап, колдоо менен абдан көп тармактарда эриш-аркак иш алып барууга жол ачат.