00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Земля на пределе: почему пахотные гектары Кыргызстана стремительно превращаются в пустыню?
08:05
44 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
ЭкоФест Чон-Кемин: почему судьба планеты теперь в руках молодых активистов
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Шанс на жизнь: как новая система экстренной помощи будет спасать кыргызстанцев при инфарктах
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
10 мин
Будь в курсе
Доктора для почв: как учат кыргызских аграриев лечить «уставшую» землю
20:11
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Буурчактаган көз жаш, эрдин тиштеген Путин. Толгонайдын Кремлдеги монологу. Видео

Жазылуу
Кремлдеги концерттик сарайда Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасындагы Толгонай менен Жер эненин сүйлөшүүсү орус тилинде жаңырды. Актриса Анна Большованын көзүнөн мончоктоп аккан жашы ошол жерде отургандарды кайдыгер калтырган жок.

Эске салсак, кишинин тула боюн дүркүрөтүп, толкунданткан бул номер Кыргызстан-Россиянын эриш-аркак жылынын ачылыш алкагындагы концертте аткарылды.

Россиянын эмгек сиңирген артисти Анна Большованын аткарганы залдагы алты миң адамды, алардын ичинде Кыргыз, Россия президенттерин ойго түрткөнүн видеодон көрүүгө болот.

Кремлдеги обондор. КР менен РФтин эриш-аркак жылынын ачылышы видеодо - Sputnik Кыргызстан
Кремлдеги обондор. КР менен РФтин эриш-аркак жылынын ачылышы видеодо
Ал Кыргызстан президентинин YouTube каналына жарыяланды.

Алты жарым мүнөткө созулган Жер эне менен Толгонайдын сүйлөшүүсү кичинекей айылдагы бир адамдын тагдырынан ааламдык масштабдагы көйгөйдү камтыды. Согуштун апаат экени, пенденин насили, уруш эмнеге алып келери тууралуу баян дагы бир ирет денени "дүр" эттирди.

Айтматовдун "Саманчынын жолу" повести жалпы адам баласынын согушка каршы протестин, жеке бир тагдыр аркылуу Жер бетинде жашаган жалпы аялдардын трагедиясын, өлүм менен өлбөстүктүн кармашын көрсөткөн чыгарма. Окуя Улуу Ата Мекендик  согуштун кесепетин баяндайт.

Айтмакчы, чыгарма эң алгач дүйнөгө Москвадагы Станиславский атындагы драмалык театры аркылуу жайылган. 1964-жылы РСФСРдин эмгек сиңирген артисти Львов-Анохин инсценировкалап, аталган театрда койгон, бул спектакль менен труппа дүйнөнүн көптөгөн шаарларын кыдырган.

Укмуштуудай масштаб! Эриш-аркак жылынын ачылыш аземинен 15 сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Укмуштуудай масштаб! Эриш-аркак жылынын ачылыш аземинен 15 сүрөт
Каармандарды жамандык-жакшылыкта ар дайым коштоп турган табияттын бир көрүнүшү бул чыгармада – Саманчынын жолу жылдызы. Повесттин башкы каармандары дал ошол Саманчынын жолу жылдызы ааламдын бир четинен экинчи четине керилип жатканда жакшы тилек тилешет, алардын тилеги — "эл катары жер жыртып, эгин сээп, кырман бастыруу", "дыйкандын энчиси — сепкен эгининде". Жылдыздарга жакын жашаган кыргыздар ошол жылдыздарды сырдаш, муңдаш кылган, келечек тагдырын жылдыздар менен байланыштырган. Байыртадан түрк элдеринин жана кыргыздардын түшүнүгүндө асмандагы жылдыздар менен жердеги адамдардын түпкү насили бир болгон, жылдыздар – адамдар, алар жылдызга айланып кеткен пенде тукуму деген идея жашаган. Саманчынын жолунун асмандагы абалы — бул бүтүндөй адамдардын тагдыры, жаратылыштын абалы гана эмес, ал коомдун, мамлекеттин, жада калса, жалпы адамзаттын тагдыры менен байланышат, согуштун жүрүшү да тоолук кыргыз балдары үчүн жылдыздардын көрүнүшү менен айкалышат. Ошон үчүн чыгарма "Саманчынын жолу" деп аталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0