https://sputnik.kg/20200227/vladimir-putin-sooronbaj-zhehehnbekov-kreml-1047203358.html
Владимир Путин Сооронбай Жээнбековду Кремлден тосуп алды
Владимир Путин Сооронбай Жээнбековду Кремлден тосуп алды
Sputnik Кыргызстан
Учурда кыргыз-орус тарап тар чөйрөдө жолугушуп жатат. Алар бир саатка жакын сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Андан соң Кыргызстандын президенти Коопсуздук кеңешинин... 27.02.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-02-27T19:30+0600
2020-02-27T19:30+0600
2021-12-16T22:07+0600
https://sputnik.kg/img/104720/42/1047204228_0:160:2480:1563_1920x0_80_0_0_9302a451e1ed29ccf334063a87b3294b.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104720/42/1047204228_0:82:2480:1641_1920x0_80_0_0_d62058bdd1265850db19cc9f461416fe.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, саясат, дүйнөдө, владимир путин, сооронбай жээнбеков, кыргызстан менен россиянын эриш-аркак жылы, кыргызстан
жаңылыктар, саясат, дүйнөдө, владимир путин, сооронбай жээнбеков, кыргызстан менен россиянын эриш-аркак жылы, кыргызстан
Владимир Путин Сооронбай Жээнбековду Кремлден тосуп алды
19:30 27.02.2020 (Жаңыртылды: 22:07 16.12.2021) Учурда кыргыз-орус тарап тар чөйрөдө жолугушуп жатат. Алар бир саатка жакын сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Андан соң Кыргызстандын президенти Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен жолугат.
МОСКВА, 27-фев. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Кремлден жолукту. Тараптар тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Россия лидери Владимир Путин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Кремлден жолукту
Тараптар тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Россия лидери Владимир Путин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Кремлден жолукту
Тараптар тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
"Биздин мамилелер бардык тараптан өнүгүп жатат. Россия Кыргызстандын негизги соода-экономикалык өнөктөшү болуп эсептелет. Соода жүгүртүү көлөмү менен инвестиция тууралуу ар дайым сүйлөшө турган сөз бар", — деди Путин.
Россиянын президенти эки өлкөнүн башчылары тез-тез жолугуп жатканын белгилеп, бул нерсе 2020-жылы дагы уланарына ишенерин айтты.
Ал эми Сооронбай Жээнбеков акыркы эки жылда орус-кыргыз кызматташуусу кыйла активдешкенин белгиледи.
"2018-жылы Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келгениңизде бир катар келишимдерге кол коюлган. Бул нерсе бардык жаатта иштин жүрүшүнө өбөлгө түздү", — деди Жээнбеков.
Ал ошондой эле Россия Кыргызстандын ЕАЭБдеги негизги өнөктөшү экенин кошумчалады.
Кечинде Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын ачылыш аземи болот. Анда эки президент тең сөз сүйлөйт.