Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Толубаев: Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун өз күчү менен баштайт

© Sputnik / Сергей Аладьев"Электр станциялары" ААКнын башкы директору Таалайбек Толубаев
Электр станциялары ААКнын башкы директору Таалайбек Толубаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Электр станциялары" ААКнын башкы директору Таалайбек Толубаев 2040-жылга чейин өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздаганга мүмкүнчүлүк боло турганын айтты.
Толубаев: Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун өз күчү менен баштайт

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун мамлекет өз каражаты менен баштайт. Бул тууралуу Таалайбек Толубаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Камбар-Ата-2 ГЭСи толук кандуу иштеши үчүн Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу зарыл.

Камбар-Ата-1 ГЭСи өлкө үчүн абдан маанилүү долбоор. Техникалык экономикалык негиздемеси боюнча наркы 2 миллиард 900 миллион доллар. Кубаттуулугу 1860 мегаватт. Анын курулушун өзүбүздүн каражат менен баштайбыз. Курулуш жүрүп баштаса инвесторлор тарабынан кызыгуу жаралат деп ишенебиз. Аталган долбоор ишке ашса, Камбар-Ата-2 ГЭСинде суунун көлөмү көбөйөт жана анын кубаттуулугуна 360 мегаватт кошулат. Учурда Камбар-Ата ГЭСинин суу сактагычына таштандылар топтолуп, аны тазалоо үчүн көп каражат коротулууда. Бул көйгөй чечилет", — деди Толубаев.

Ошондой эле ал электр энергиясын колдонуу жылына 4 пайызга өскөн күндө да Камбар-Ата-1 ГЭСи толук курулуп CASA-1000 долбоору иштеп баштаса, 2040-жылга чейин Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыздаганга мүмкүнчүлүк түзүлө турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0