Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

КР менен РФтин кайчылаш жылынын ачылышына кайсы өнөрпоздор барары айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук маданий борбордун директорунун орун басары Марс Бердикулов
Улуттук маданий борбордун директорунун орун басары Марс Бердикулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук маданий борбордун директорунун орун басары Марс Бердикулов Россия — Кыргызстан кайчылаш жылынын ачылыш аземине даярдыктар кызуу жүрүп жаткандыгын айтты.
КР менен РФтин кайчылаш жылынын ачылышына кайсы өнөрпоздор барары айтылды

Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын ачылыш аземинде Россиянын Петр Чайковский атындагы мамлекеттик симфониялык оркестри Рахатбек Осмоналиевдин дирижерлугунун алдында Калый Молдобасановдун "Манас" операсын аткарат. Бул тууралуу Марс Бердикулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, салтанаттуу иш-чарада эки өлкөнүн аткаруучулары биргеликте ырдашы күтүлүүдө.

"Россия менен Кыргызстандын кайчылаш жылынын ачылыш аземи 27-февралда Кремль сарайында өтөт. Кыргызстан тараптан 200 кишиден турган чыгармачылык топ жөнөп жатат. Анын ичинде Бишкек мэриясынын эл аспаптар оркестри, Чалагыз Исабаев атындагы "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамбли, "Акмарал" бий ансамбли жана Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын хору барат. Салтанаттуу иш-чарада манас айтылып, пролог коюлат. Белгилүү комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу россиялык белгилүү балалайкачы менен дуэт күү чертсе, башка эки өлкөнүн аткаруучулары да биргеликте ырдары күтүлүүдө. Ошону менен бирге эле Россиянын Петр Чайковский атындагы мамлекеттик симфониялык оркестри кыргызстандык Рахатбек Осмоналиевдин дирижерлугунун астында "Манас" операсын аткарат", — деди Бердикулов.

Ал аталган ачылыш аземдин башкы режиссеру болуп Кыргызстанда үч ирет өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын койгон Алтынбек Максутов дайындалганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0