Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевӨкмөттүн кезектеги жыйыны. Архив
Өкмөттүн кезектеги жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын өкмөт мүчөлөрүнүн бир тобу эки, айрымдары үч дипломго ээ. Ал түгүл арасында чет жерде окуп келгендери да бар. Министрлердин кимиси кайсы адистиктин ээси, кайсы тармакта керекке жарап жатканына Sputnik Кыргызстан редакциясы кызыгып көрдү.

Кыргыз өкмөтүндө кадрдык жүрүштөр болду. Мурда өкмөттүн экономикалык блогуна көз салган вице-премьер Замирбек Аскаров капысынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеп калды. Анын ордуна Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев келди.

Sputnik Кыргызстан өкмөт мүчөлөрүнүн адистиктерин дагы бир ирет эске салууну эп көрдү.

Өкмөттүн канча мүчөсү бар?

Өкмөттүн 22 мүчөсү бар: премьер, төрт вице-премьер, 12 министр, эки мамлекеттик комитет башчысы жана министр даражасындагы өкмөттүн аппарат башчысы. Алардын катарында өкмөттүн курамына коргоо иштери жана улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттеринин башчылары да кирет, бирок алар президентке баш ийет.

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев
Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар - Sputnik Кыргызстан
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунан 1994-жылы агроном адистигине ээ болуп чыккан. Ал эми 1997-жылы Кыргызстандын Эл аралык университетинин экономика жана бизнес факультетин аяктаган.

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевБиринчи вице-премьер Кубатбек Боронов
Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар - Sputnik Кыргызстан
Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов 1991-жылы Фрунзе политехникалык институтун аяктаган, кесиби боюнча инженер-куруучу. Ошондой эле 2011-жылы Башкаруу, укук, каржы жана бизнес эл аралык академиясын юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевВице-премьер Жеңиш Разаков
Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар - Sputnik Кыргызстан
Вице-премьер Жеңиш Разаков

Вице-премьер Жеңиш Разаков үч жогорку билимге ээ. 1990-жылы Ленинград аскердик-механикалык институтунун прикладдык механика жана автоматика факультетин бүтүргөн. 2002-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин жана 2013-жылы КР ИИМ академиясын сырттан аяктаган. Ачык булактарда адистиктердин аталыштары көрсөтүлгөн эмес. Министрлер кабинетинде чек ара маселелерин жана күч органдарын тескейт.

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-премьер Алтынай Өмүрбекова
Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар - Sputnik Кыргызстан
Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова

Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин тарых факультетинин (1996-жыл), ошондой эле аталган окуу жайдын алдындагы Магистратура жана аспирантура борборунун юридикалык факультетинин (2002) бүтүрүүчүсү. Социалдык блокту тескейт.

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-премьер Эркин Асрандиев
Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар - Sputnik Кыргызстан
Вице-премьер Эркин Асрандиев

Вице-премьер Эркин Асрандиев 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин эсептик-коммерциялык факультетин аяктаган. Министрлер кабинетинде экономикалык маселелер боюнча иш алып барат.

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаТышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков
Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар - Sputnik Кыргызстан
Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 1998-жылы Эл аралык мамилелер (бакалавр) адистиги боюнча Кыргызстан эл аралык университетин аяктап, эки жылдан кийин ушул эле окуу жайдан юриспруденция боюнча магистрдик даража алып чыккан. Андан кийин Кыргыз-Россия Славян университетин бүтүргөн.

© Sputnik / Табылды КадырбековИчки иштер министри Кашкар Жунушалиев
Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар - Sputnik Кыргызстан
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев КМУУнун юридикалык факультетинин бүтүрүүчүсү (2000-жыл).

© Sputnik / Табылды КадырбековЮстиция министри Марат Жаманкулов
Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар - Sputnik Кыргызстан
Юстиция министри Марат Жаманкулов

Юстиция министри Марат Жаманкулов 2000-жылы Кыргыз-Россия Славян университетин юриспруденция багыты боюнча бүтүргөн. 2014-жылы КР президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда адамдык ресурстарды башкаруу адистиги боюнча магистрдик даражага ээ болгон.

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаФинансы министри Бактыгүл Жеенбаева
Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар - Sputnik Кыргызстан
Финансы министри Бактыгүл Жеенбаева

Финансы министри Бактыгүл Жеенбаева Кыргыз мамлекеттик университетинин эки жолку бүтүрүүчүсү (1982, 1989). Прикладдык математика жана экономика адистиктери боюнча билим алган. Экономика илимдеринин кандидаты.

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев Экономика министри Санжар Муканбетов
Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар - Sputnik Кыргызстан
Экономика министри Санжар Муканбетов

Экономика министри Санжар Муканбетов 1994-жылы Кыргыз техникалык университетин радиоэлектрондук каражаттарды конструкциялоо жана технология багыты жана 2003-жылы экономика адистиги боюнча Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган.

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл чарба, мелиорация жана тамак-аш өнөр жайы министри Эркин Чодуев
Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар - Sputnik Кыргызстан
Айыл чарба, мелиорация жана тамак-аш өнөр жайы министри Эркин Чодуев

Айыл чарба, мелиорация жана тамак-аш өнөр жайы министри Эркин Чодуев үч дипломдун ээси. 1987-жылы Фрунзе политехникалык институтун инженер-куруучу адистиги боюнча аяктаган, ал эми 1998 жана 2004-жылдары экономика жана юрист адистиктери боюнча Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн.

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаТранспорт жана жол министри Жанат Бейшенов
Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар - Sputnik Кыргызстан
Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов

Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов 1993-жылы Кыргыз архитектура жана курулуш институтунун автомобилдик жолдорду жана аэродромдорду куруу факультетин аяктаган. 2005-жылы Прага экономикалык университетин бүтүргөн.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевӨзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров
Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Ош мамлекеттик университетин эки ирет – география мугалими (1999-жыл), Финансы жана кредит (2014-жыл) адистиктери боюнча аяктаган.

© Sputnik / Сергей АладьевБилим берүү жана илим министри Каныбек Исаков
Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар - Sputnik Кыргызстан
Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 1987-жылы Ош мамлекеттик университетинде кыргыз тили жана адабияты жаатында билим алган. Филология илимдеринин доктору (2011-жыл) жана профессор (2018).

© пресс-служба мэрии города БишкекСаламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев
Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар - Sputnik Кыргызстан
Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 1985-жылы Алма-Ата мамлекеттик медициналык институтунун фармацевтикалык факультетин аяктаган. Экинчи жогорку билими боюнча юрист (Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы, 2011-жыл).

© Sputnik / Табылды КадырбековМаданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов
Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар - Sputnik Кыргызстан
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Кыргыз-түрк “Манас”  университетин ишканалар менеджменти адистиги боюнча бүтүрүүчүсү (2008). Үч жылдан соң Кыргызстан эл аралык университетин финансы адистиги боюнча аяктаган.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров
Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар - Sputnik Кыргызстан
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин финансы жана кредит, 2003-жылы ошол эле окуу жайды укук таануу адистиги боюнча аяктаган. 1997-жылы КР УКМКнын жогорку курсун аяктап, төрт жылдан кийин Россиянын ФСБ академиясында квалификациясын жогорулатуу боюнча курсунан өткөн.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевУлуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев
Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар - Sputnik Кыргызстан
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаевдин Кыргыз мамлекеттик университетин эки ирет аяктаган: экономика жана материалдык-техникалык жабдууну пландоо, Кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтун юриспруденция багытында аяктаган. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин жогорку курсунан өткөн.

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаКоргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Эрлис Тердикбаев
Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар - Sputnik Кыргызстан
Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Эрлис Тердикбаев

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Эрлис Тердикбаев 1990-жылы Алма-Ата жалпы аскердик командалык жогорку окуу жайын, 2004-жылы РФ Куралдуу күчтөрүнүн жалпы аскердик академиясын бүтүргөн, ушул эле өлкөдө 2014-жылы Куралдуу күчтөр Башкы штабынын аскердик академиясын аяктаган.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов
Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар - Sputnik Кыргызстан
Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов

Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов Фрунзе политехникалык институтунда геологиялык тартуу, пайдалуу кен байлыктарды изилдөө жана чалгындоо багытында билим алып, кийин Кыргыз улуттук университетин Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистиги боюнча аяктаган.

© Sputnik / Табылды КадырбековМаалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев
Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар - Sputnik Кыргызстан
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев 2008-жылы Улуу Британияда Кингстон университетин аяктаган, бирок адистиги боюнча маалымат жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0