Аталган мыйзам долбоору шаршемби күнү парламенттин жалпы жыйынында биринчи окууда каралды. Sputnik Кыргызстан агенттиги жол-жобосун элге түшүндүрүп бермекчи.
Мыйзамдын максаты
Мыйзам долбоору жаш адистердин кесиби боюнча ишканалардан стажировкадан өтүүсүнө, жумуш менен камсыздалышы, теориялык алган билимин практика жүзүндө бекемдөөсүнө багытталган. Ошондой эле жаштарга социалдык колдоо көрсөтүү жана потенциалын жогорулатуу ниетинде жазылган.
"Жаш адистерди, студенттерди стажировкага алуудан баш тарткан учурлар көп байкалат. Анткени алар үчүн да киреше салыгын жана социалдык камсыздандыруу (Cоцфондго) төлөө шарт. Жаштардын эмгек тажрыйбасы жок болгондуктан жумушка орношууда тосколдуктарга тушугуп келишет. Бул алардын чет өлкөгө кетишине себеп болууда", — деп баяндалат негиздемеде.
Долбоордо жаштарды стажировкадан өтүүгө мүмкүнчүлүк жараткан ишканаларды шыктандыруу нормалары сунушталган.
Иш берүүчүлөр кандай пайда көрөт?
Мындай жеңилдик жалпы штаттын 15 пайызына чейин гана берилет. Мисалы, бир компанияда иштеген 100 кызматкердин 15и жаштар болсо алар салыктан бошотулат. Андан ашкандан кийин же 16-адамга жеңилдик берилбейт. Себеби баары жаштарды ишке ала берсе, башка курактагылардын укугу тебеленип калат.
Практикалык окутууга өтүү
Мыйзам долбоорунда дуалдык окутуу системасын киргизүү да сунушталууда. Ага ылайык, кесиптик окуу жайларда сабактардын 20 пайызы теория, 80 пайызы практика жүзүндө окутулат. Бул өз тармагы боюнча иштеп, ошол эле учурда эмгек акы алып турат дегенди түшүндүрөт.
Өндүрүштүк окутууну жана кесиптик практиканы өткөрүү үчүн жумуш ордун берүүчү ишкана менен окуу жай дуалдык окутуу жөнүндө келишим түзөт.
Тобокелчиликтер
Финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков бюджеттик мекемелерде минималдык эмгек акы (оклад) 2700 сом, базалык коюмдун (ставка) эң төмөнү 5000-7000 сом экенин билдирди.
"Мурда иштеп жүргөн кызматкерлерге салыштырмалуу стажерлорго 10 миң сом маяна төлөө карама-каршылыкты жаратат. Себеби бүгүнкү күндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда жетектөөчү адистердин айлыгы 10 миңге жетпейт. Бул мыйзам иштеп баштаса, жылына кошумча 492 миллион сом талап кылынат", — деди Кармышаков.
Ошондой эле ал учурда бюджеттик мекемелерде 500 миңдей кызматкер иштей турганын айтты. Демек жаштардын 15 пайызы жеңилдик алып калса, Салык кызматы менен Соцфондго бир жылда 3 миллиард сомго жакын түшпөй калышы ыктымал.
Ал эми Салык кызматынын төрага орун басары Айдай Карагулованын айтымында, былтыр киреше салыгынан 10,5 миллиард сом чогулган. Өлкөдө жеке ишкерлер менен юридикалык жактардын саны 300 миңге чукулдайт.
Чет өлкөгө кеткен жаштардын агымы токтойбу
Демилгечилердин башында турган депутат Абдывахап Нурбаев мыйзамдын негизги максаты жаштарды чет жакка чыгарбай кармап калуу экенин билдирди.
"Жаштар мектепти бүтүп Россияга жана башка өлкөлөргө кетип калууда. Чет жакка кеткен 750 миң кыргыздын 70-80 пайызы жаштар деп ойлойм. Мамлекет төрөт үйүндө карайт, бала бакчада, мектепте, университетте окутат. Анан иштегени келгенде чет жакка кетип калууда", — деди Нурбаев.
Ал эми депутат Жанар Акаев жаштар Кыргызстандын калкынын 30 пайызын түзөрүн белгиледи.
"КР мыйзамдарында 14төн 28 жашка чейинкилер "жаш" деп эсептелет. Алардын саны өлкөдө 1,7 миллион, калктын 30 пайызын түзөт. Бул абдан чоң катмар. Жаштарга көңүл бөлбөгөндө, анан кимге кам көрөбүз. Акылдуу, ишке жарамдуу эмгек күчүбүз сыртка агылып кетүүдө. Жаштарга басым жасап, эртеңки келечекке кам көрүү шарт", — деди Акаев.
Депутат Элвира Сурабалдиева жаштарды колдоого багытталган иштен бюджет чыгымга учурайт дегендин ордуна 40 пайыздык чекке жеткен көмүскө экономиканы аныктоо керектигин белгиледи.
Бул долбоор көбүнчө жеке менчик ишканаларга ыктап жатат, мамлекеттик мекемелерге да тийиштүү болсо бюджет көп чыгым тартарын айтып өтүштү. Ушул жагдайлар экинчи окууга чейин такталып, толуктоо киргизилет.