00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Снести нельзя оставить: по каким правилам в Бишкеке убирают самовольные постройки
12:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
CASA-1000 долбоору 2028-жылы ишке кирет — кандай иштер жасалды?
13:04
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Балдардагы паразитардык инфекциялар: белгилери жана дарылоо
15:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Декларация до 1 мая: кому сдавать, что писать и как не нарваться на штраф
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Ушактын таасири: мамилеге дарыбы же коркунучпу?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Административная реформа в КР: политолог — о логике изменений и следующем этапе
18:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Ата мурасы — элге кызмат: Жаманбаев тууралуу кызынын баяны
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Фрунзе думал о розе ветров, Бишкек - о прибыли: разговор об агломерации и земле
20:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
11 мин
Ачык кеп
Балдардагы паразитардык инфекциялар: белгилери жана дарылоо
21:13
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эми Кыргызстандын бардык жараны мал-мүлкү тууралуу отчет берет. Жаңы мыйзам

Жазылуу
Жаңы мыйзам күчүнө киргенден кийин иштеген жерине карабай 17 жаштан жогорку бардык жарандар декларация тапшырат.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта Кыргызстандын бардык жарандарын киреше-чыгашасы тууралуу мамлекетке отчет берүүгө милдеттендирген мыйзам күчүнө кирет.

Ага ылайык, мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик ишканалар, эл аралык уюмдарда иштеген жана башка 17 жаштан жогорку бардык жарандар бирдиктүү салык декларациясын тапшырат. Учурда өлкөдө бул категорияга кирген калктын саны төрт миллионду түзөт.

Бирок Экономика министрлиги парламентке бул мыйзамдын мөөнөтүн 2021-жылга чейин узартууну сунуштап жатат.

"Бул мыйзам күчүнө кирсе, салык органынын ар бир кызматкерине 2 000ден декларация кабыл алууга туура келет. Элдин көпчүлүгү электрондук түрдө декларация тапшырууга мүмкүнчүлүгү жоктугунан жана башка себептерден улам кагаз түрүндө берет. Андан соң баарын талдап чыгып, Салык кызматынын маалыматтык системасына кол менен киргизишет. Жогорудагы жагдайларды, ошондой эле калктын даяр эместигин эске алуу менен декларациялоонун мөөнөтүн узартууну жана этап-этабы менен ишке ашырууну сунуштайбыз", — деп жазылган мыйзам долбоорунда.

Аны үч этап менен аткаруу пландалууда:

Салык декларациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Декларациядан буйтаган 14 миңден ашуун кызматкер. Материал прокуратурага жөнөтүлдү
1. 2021-жылдан баштап илимий изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, ден соолукту чыңдоо-дарылоо жана аткаруучу-тескөөчү функциялары менен байланышпаган калкты тейлөө боюнча башка иштер менен алектенген мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын карамагындагы мекеме, уюмдардагы жумушчулар жана кызматкерлер;

Мамлекеттик органдарда, мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларда эмгектенгендер. Ошондой эле мамлекеттик үлүштүк катышы бар уюмдарда эмгектенген жумушчулар;

Эл аралык уюмдарда иштегендер;

Өзүнө 300 миң сомдон ашык суммада мал-мүлк алган жеке жактар.

2. 2023-жылдан тарта киреше салыгын төлөгөн жеке жактар.

3. 2025-жылдан баштап бардык жактар жана категориялар.

Парламенттин жыйынында депутат Акылбек Жапаров бул мыйзам «мүлкүн туугандарына каттатып, байлыгын жашырган чиновниктерди ачыктоого шарт түзөрүн» белгиледи.

"Ар бир адам өзүнө таандык мүлкү боюнча отчет берип жатканда жоопкерчилиги жогорулайт. Муну менен журналисттик иликтөөсүз эле баары ачык көрүнүп калат. Ошондуктан "эл азыр даяр" эмес деп мөөнөтүн кайра-кайра узарта бербей ишке киргизишибиз керек. Шартын жөнөкөйлөштүрүп электрондук түрдө тапшыра тургандай кылсаңыздар. Айылдарга интернет жетип калды, тоскоолдук жок", — деди Жапаров.

Аталган мыйзам долбооруна депутаттар эртең, бейшемби күнү, добуш берет.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер гана мал-мүлкү тууралуу декларация тапшырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0