00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как технологические уклады меняют общество — и что готовит шестой этап развития - беседа о социуме
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик - Ысык-Көлгө жетиштүү камкордук көрүлүп жатабы?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Когда сцена оживает: премьеры и новогодние постановки в театре Айтматова
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык дасторкон — берекенин жана ынтымактын белгиси
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Что показала евразийская интеграция в цифрах и экономике — беседа с министром ЕЭК
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Меняющие мир
«Бессмертный полк»: как живая память объединяет поколения
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик - Ысык-Көлгө жетиштүү камкордук көрүлүп жатабы?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ош: тилемчилик кылып жүргөн балдардын ата-энеси аныкталды

© Sputnik / Эмиль СадыровСело Катран Ляйлякского района Баткенской области
Село Катран Ляйлякского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдардын апасы экинчи ирет турмушка чыккандан кийин алар таенесинин колунда калган. Аял өзү да кайырчылык менен жан багып келгени белгилүү болду.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Ош шаарында эки жээн небересин тилемчилик кылууга чыгарган аялды административдик жоопкерчиликке тартуу маселеси каралып жатат. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин Ак-Буура аймактык милициясы кайыр сурап жүргөн жеринен 6 жана 2 жаштагы эки бөбөктү тапкан. Аларды көчөгө таенеси чыгарганы айтылып, наристелер балдар үйүнө өткөрүлгөн болчу.

Бир жашар уулу менен кайыр сураган адамдын чоо-жайы белгилүү болду. Видео - Sputnik Кыргызстан
Бир жашар уулу менен кайыр сураган адамдын чоо-жайы белгилүү болду. Видео
Милициянын акыры берген маалыматында, балдардын улуусу 7, кичүүсү 4 жашта болуп чыкты. Алардын таенеси буга чейин өзү да тилемчилик кылып жан багып келгени белгилүү болду.

Ал эми Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева эки баланын апасы биринчи турмушунан ажырашкандан кийин жакында экинчи ирет күйөөгө чыкканын айтып берген. Ошол себептен балдар таенесинин колунда калган.

"Балдардын атасы Ноокат районунун тургуну болгондуктан, ошол жактын эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнө кат жолдодук. Учурда комиссия түзүлдү. Райондук бөлүм тарабынан иликтөө жүрүп жатат", — деди Раева.

Балдардын атасы да, апасы да жумушсуз болгондуктан балдарга таякелери жардам берип келген. Учурда бөбөктөр калаадагы "Боорукердик" балдар үйүндө тарбияланып жатат. 7 жаштагы баланын күбөлүгү бар, бирок 4 жаштагы инисинин документи жок болуп чыкты.

Алар экинчи ирет тилемчиликке чыккан күнү милиция кызматкерлери кармаган. Комиссиянын чечими менен балдар туугандарына өткөрүп берилиши мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0