https://sputnik.kg/20200124/oshto-tilemchilik-kylgan-ehki-bobok-baldar-ujuno-otkoruldu-1046858778.html
Таенеси кайыр сураткан. Ошто тилемчилик кылган эки бөбөк табылды. Сүрөт
Таенеси кайыр сураткан. Ошто тилемчилик кылган эки бөбөк табылды. Сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Ата-энеси ажырашып кеткен наристелер таенесинин үйүндө жашап келген. Милиция кызматкерлери ата-энесин балдарга болгон укугунан ажыратуу боюнча социалдык коргоо... 24.01.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-01-24T17:31+0600
2020-01-24T17:31+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/104685/88/1046858843_0:160:3000:1856_1920x0_80_0_0_c5517286a7c24f0ae103d67c68bb7312.jpg
ош
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104685/88/1046858843_28:0:3000:1868_1920x0_80_0_0_334a8892799e0f4233b04e094818ba59.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, окуялар, ош
жаңылыктар, коом, кыргызстан, окуялар, ош
Таенеси кайыр сураткан. Ошто тилемчилик кылган эки бөбөк табылды. Сүрөт
17:31 24.01.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Ата-энеси ажырашып кеткен наристелер таенесинин үйүндө жашап келген. Милиция кызматкерлери ата-энесин балдарга болгон укугунан ажыратуу боюнча социалдык коргоо башкармалыгына сунуш беришти.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Ошто тилемчилик кылган 6 жана 2 жаштагы эки бөбөк балдар үйүнө өткөрүлдү. Бул тууралуу шаар милициясынын маалымат кызматы кабарлады.
Укук коргоо органдарынын билдиргенине караганда, балдарды кайыр суроого таенеси чыгарган. Наристелерди Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тилемчилик кылып отурган жеринен табышкан.
"Иликтөө балдардын ата-энеси ажырашып кеткенин көрсөттү. Балдар Ноокат шаарынан келип, Кара-Суудагы таенесинин үйүндө жүрүшкөн. Бөбөктөрдү тилемчилик кылууга таенеси чыгарган. Териштирүү маалында бүлөнүн жашоо шарты начар экени аныкталды. Балдар эч жерде билим алышпайт. Ушул тапта социалдык коргоо башкармалыгына ата-энесин балдарга болгон укугунан ажыратуу сунушу берилди", — деп айтылат маалыматта.
Эки бөбөк тең учурда Ош шаарындагы балдар үйүнө өткөрүлүп берилди.