Ушу тапта террорчуларга Сириянын өкмөттүк армиясы жана ага тилектеш болгон Россия, Иран жана Түркиянын күчтөрү каршы турууда.
Куралданган согушкерлер Идлиб провинциясындагы өкмөттүк күчтөргө эки ирет чабуул жасап, артиллериянын соккусунан улам артка чегинди. Сириянын түндүгүндөгү абал ушу тапта кооптуу бойдон калууда. 16-январдан 20-январга чейин Идлиб аймагында жасалган 15 террордук чабуулдан улам 47 жоокер каза таап, 77си жаракат алды, мындан тышкары, 51 жай тургун өлтүрүлүп, 116 адам жарадар болду. Түркиянын маалымат булактары согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймакка өкмөттүк күчтөрдү колдоо үчүн Ирандын атайын даярдыктагы "Кодс" бөлүгү жөнөтүлгөнүн билдирген.
Ким күнөөлүү?
Россиянын Коргоо министрлиги Идлибдеги абалдын курчушуна "Хайят Тахрир аш-Шам" террордук тобу жоопкер деп эсептейт. Анын катарында 20 миңдей согушкер бар, жихадчылар Батыштын жардамына катуу ишенет. РФтин тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков "аскерий көз караштан алып караганда, АКШнын Сирия аймагында жасагандарынын баары мыйзамсыз" экенин айтты. Бирок Америка позициясынан тайбай келет. Көтөрүлүшчүлөрдүн байма-бай жасалган согуштук аракеттери АКШ үчүн Сириядагы мыйзамсыз жорук-жосунун кандайдыр бир деңгээлде актоо, өлкө аймагында жүрө турган убактысын узартууга үмүт десек болчудай.
Түркиянын Anadolu эң ири маалымат агенттигинин билдиргени боюнча, "учурда Сириянын Хасеке, Ракка жана Дейр-эз-Зор провинцияларындагы 11 аскерий базада америкалыктар бар". Алар эмне кылып жүрүшөт?
Россиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Сергей Рудской ага чейин "согушкерлерди даярдоодон тышкары Сириядагы америкалык күч түзүмдөрү Сирия өкмөтүнө таандык нефти объектилерин жана кендерин талап-тоноо менен алек" экенин айткан.
Тазалоо
Сириянын армиясы союздаштары менен биргеликте 17-январда өлкөнүн түндүк-батышында жайгашкан террорчуларды акырындап кыса баштады. Бул Алеппонун түштүк жана батышындагы аймактарды көзөмөлгө алуу үчүн жасалууда. Согуштук аракеттер жүрүп жаткан жерге артиллерия, сооттолгон техника жана атайын даярдыктагы "Кодс" бөлүмүнүн күчтөрү тартылууда.
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын айтымында, Россия менен Түркиянын ортосундагы Идлиб боюнча пикир келишпестиктер да эки өлкөнүн стратегиялык алакасына зыян тийгизбейт. Аскердик-саясий абалы өтө курч болуп турган Ирандын да бекем позициясына көпчүлүк суктанып турат. АКШ менен регионалдык союздаштарынын каршылыгына карабай Сирия акырындап тынчтыкка келе жатат. Акыркы суткада эле өлкөгө чет жактан 900 качкын кайтып келди.
"Хайят Тахрир аш-Шам" — Россия аймагында тыюу салынган уюм.