Авиабаза США Асада в Ираке - Sputnik Кыргызстан

Иран АКШнын Ирактагы аскерий объектилерине кол салды. Учурда эмне болуп жатат?

Жазылуу
Ирактын батыш аймагында жайгашкан АКШнын “Аль-Асад” аскердик базасы ракеталык чабуулга тушукту. Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу азырынча маалымат жок.
Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
22:44 08.01.2020

Дональд Трамп түз эфирге жарым сааттан ашыгыраак убакыт кечигип чыгып, элине Ирандын АКШнын авиабазасына болгон соккусу тууралуу кайрылуу жасады. Анын айтымында, сокку базага чоң зыян келтирген эмес. Жабыркагандар жок. 

"Иран артка чегинди окшойт, бул дүйнө үчүн жакшы нерсе", - деди Трамп. 

Ал ошондой эле алдын ала эскертүү системасынын арты менен эч ким жабыркабаганын белгиледи. 

"Мен бийликте турган кезде Тегеран өзөктүк куралга ээлик кыла албайт", - деди Трамп. 

АКШ лидери Улуу Британия, Кытай, Россия, Германия жана Францияны Иран менен жаңы келишим түзүүнүн үстүндө иштөөгө чакырды. 

22:19 08.01.2020

Бүгүн, 8-январда, кечки саат 22.00дө Дональд Трамп Ирандын АКШнын аскерий базасына жасаган соккусу боюнча билдирүү жасамак. Бирок түз эфир убагында башталбай жатат. 

18:53 08.01.2020

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Ирандын АКШ жана коалиция күчтөрүнө жасаган соккусун айыптап, мындан аркы зомбулуктан алыс болууга чакырды. Бул туурасында анын Twitter баракчасына жазылган.

18:45 08.01.2020

Америкалык аскерлер Сириянын түндүн-чыгыш тарабындагы эки базасынан Иракты көздөй багыт алып, чыгып кеткени боюнча маалыматты SANA агенттиги таратты.

Анда аскердик техникалары менен жүк ташуучу 40ка чукул автоунаа Хораб-Жейр (Хасеке провинциясы) базасынан Иракты көздөй багыт алгандыгы айтылат. Аны менен катар эле Шаддади шаарынан аскердик техникалары менен чукул жүк ташуучу 40ка чукул автоунаа  Ирак менен чектешкен аль-Валид көзөмөл өткөрүү жайын көздөй жөнөгөн.

 

18:21 08.01.2020

Иран баллистикалык ракеталарын АКШнын Ирактагы аскердик базаларын көздөй атып жаткан видеосун жергиликтүү Press TV телеканалы жарыялады.

17:12 08.01.2020

Иран өзөктүк куралдар боюнча макулдашуудагы милдеттерин аткаруудан акыркы ирет баш тарткандан кийин өзөктүк курал боюнча ишмердүүлүгү тынчтык мүнөздө жүрөт. Бул туурасында аталган өлкөнүн президенти Хасан Роухани айтты.

"Өкмөт өзөктүк куралдарды кыскартуу боюнча милдеттенмелердин акыркы бешинчи кадамын жасап жатып, тынчтык мүнөздөгү өзөктүк куралдардын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү боюнча өтө маанилүү чечимди кабыл алды", — деп айтканы президенттин расмий сайтына жайгаштырылган.

Рабочий визит президента РФ В.Путина в Иран - Sputnik Кыргызстан
16:02 08.01.2020

Росавиация, Air France жана Air Astanа Иранда бүгүн таңда учак кулагандан соң коопсуздук иретинде өздөрүнүн Жакынкы Чыгыш аймагындагы авиабагыттарын өзгөрттү.

Россия өзүнүн авиакомпанияларына Иран, Ирак, Перс жана Оман булуңунун үстүндөгү аба мейкиндигинен өтпөөнү эскертти.

Air France Иран менен Ирактын үстүнөн өткөн бардык каттамдарын токтотту.

Ал эми Казакстандын Air Astanа компаниясы Дубайга бара жатканда Иран менен Ирактын аба мейкиндиги аркылуу учпоону айтты.

Эске сала кетсек, түнкү ракета чабуулдарынан кийин таңга жуук Ирандын Имам Хомейни атындагы аэропортунда Тегеран-Киев багыты боюнча жолго чыккан Boeing 737 лайнери кырсыктаган. Лайнер аба майдандан учуп чыккандан кийин кулаган.

Борттогу жүргүнчүлөрдүн жана экипаждын бири да тирүү калбагандыгы айтылды. Алардын саны бирде 180, бирде 176 деп айтылууда. 

Акыркы маалыматтар боюнча, аба кемесинде Иран, Украина, Канада, Швеция, Афганистан, Германия жана Улуу Британиянын жарандары болгон.  

 

15:34 08.01.2020

Россия, Түркия лидерлери Владимир Путин менен Режеп Тайип Эрдоган шаршемби күнү Стамбулда сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анда Иран менен АКШны кеңири масштабдуу согуштук аракеттерден баш тарттырууга биргелешип аракет кылуу талкууланат.

Бул туурасында РИА Новостиге Kafkassam стратегиялык изилдөөлөр борборунун Анкарадагы директору Хасан Октай айтып берген.

Визит президента РФ В. Путина в Турцию - Sputnik Кыргызстан
15:21 08.01.2020

Жакынкы Чыгыштагы кризис Евробиримдикке да таасирин тийгизет, андыктан Еврокомиссия (ЕК) курал колдонуунун ордуна кепке келиш керек Мындай билдирүүнү ЕК башчысы Урсула фон дер Ляйен айтты.

Бүгүн эртең менен еврокомиссарлардын атайын жыйыны өтүп, анда Жакынкы Чыгыштагы абал талкууланган. Тагыраагы, Ирактагы, Ирандагы жана Ливиядагы кырдаал тууралуу сөз болгон.

13:04 08.01.2020

Буга чейин, тагыраагы 6-январда генерал Касем Сулейманини акыркы сапарга узатуу үчүн Ирандын көчөлөрүнө он миңдеген адам чыккан. Алардын көбү колуна плакат көтөрүп алып, "Америкага өлүм" деп кыйкырышкан.

Ал эми генерал Касем Сулейманинин кызы Зенайб Сулеймани элдин алдында сүйлөп жатып, америкалык аскерлердин үй-бүлөсүнө да кайрылган.

 Коштошуунун видеосун толугу менен көрсөңүз болот. 

 

 

12:38 08.01.2020

Ирандын АКШнын аба базаларына жасаган соккусунан Ирактын аскерлери жабыр тартпагандыгын Ирак армиясынын маалымат кызматы билдирген.  

Билдирүүдө 8-январда саат 1.45 - 2.15тер арасында Ирактын аймагына 22 ракета кое берилген айтылган. 17си "Айн аль-Асад" аскер базасына келип түшсө, анын ичинен экөө жарылбай калган. Беш ракета Эрбиль районуна түшкөн.

"Бардык ракеталар күчтөрдүн коалициясынын объектилерине тийген", — деп тастыктаган Ирактын Аскер аба күчтөрүнөн.

11:46 08.01.2020

Түнкү чабуулдан каза болгондор боюнча маалыматты Press TV өзүнүн социалдык баракчасына жайгаштырган. Алардын ким экендиги азырынча так айтыла элек. 

10:48 08.01.2020

Дүйнө коомчулугу АКШдан Жакынкы Чыгыш аймагынан өзүнүн болгон-бүткөн аскердик күчтөрүн алып чыгып кетүүсүн талап кылышы керек. Бул Ирандын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) өкүлү Мажид Тахт-Раванчи жазган катында айтылат. Документ БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш менен Коопсуздук кеңешине жолдонгон.

 

10:31 08.01.2020

АКШнын  Эл өкүлдөр палатасынын  — Конгресстин спикери Нэнси Пелоси Америка жана бүт дүйнө согуш отун тутандырып жибербеши керектигин айтты.

Ал АКШнын президентинин администрациясынан Иранга карата чагымчылдыкты, ал эми Ирандан зомбулукту токтотууну талап кылды.

10:10 08.01.2020

Ирактын соккусунан кийин Америкадагы Ак үйдүн айланасындагы коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бул туурасында CNN АКШнын күч түзүмдөрүнүн өкүлүнүн айтканына таянып жазды.

Ак үйдүн жанындагы көзөмөл-өткөрүү  жайларында АКШнын Жашыруун кызматын өкүлдөрү жүргөнүн байкоого болот. Ал эми аталган кызматтын телеканалга комментарий берүүдөн баш тарткан.

10:01 08.01.2020

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын ракеталык соккусунун жыйынтыгы боюнча шаршембинин күнү эртең менен (биздин убакыт боюнча бул кечинде болот) билдирүү жасай тургандыгын айтты.

"Баары жайында. Иран Ирактагы эки базага ракета кое берди. Азыр жабырлангандар барбы, кандай зыян келтирилди деген нерселерди тактап жатабыз. Бирок баары жакшы! Мен эртең билдирүү менен чыгам", — деп жазган социалдык тармактагы баракчасына.

09:47 08.01.2020

Ислам революциясынын коргоочуларынын корпусу эгерде Вашингтон аларга Ирактагы аба базаларынан сокку урса, АКШга ракета кое берерин эскертти. Бул маалыматты CNN телеканалы таратты.

 ЖМКнын билдиргенине караганда, аталган корпус эгерде Ирандын аймагы бомбалоого кабылса, алар Дубайга (Бириккен Араб Эмирлигине) жана Хайфага (Израиль) ракета менен сокку урарын айтты.

 

09:19 08.01.2020

Иран ТИМинин башчысы Мохаммад Жавад Зариф Ирактагы АКШнын аскер базаларына сокку уруу алардын атуулдарына жана аткаминерлерине жасалган чабуулдан коргонуу чарасы экендигин айтты.

Ал Тегеран "эскалацияга же согушка" умтулбай тургандыгын кошумчалады.

"Биздин жай жарандарга жана жогорку кызматтагы аткаминерлерге суу жүрөктүк менен кол салуу болду. Иран базаларына сокку уруп бул кадамга, коргонууга БУУнун уставынын 51-беренесине ылайык барды", — деп жазды Зариф Twitter аккаунтуна.

"Биз эскалацияга же согушка ашыкпайбыз, умтулбайбыз, бирок өзүбүздү кандай гана агрессия болбосун коргоп кала алабыз", — деп кошумчалаган министр.

09:04 08.01.2020

Ал арада өлтүрүлгөн Касем Сулейманинин калган сөөктөрүн көмүү анын туулган шаары Керман шаарында болуп жатат. Бул туурасында Ирактын Press TV каналы билдирди.

08:46 08.01.2020

Иран Сулеймани өлтүрүлгөн убакта соккусун баштады
Американын Ирактагы аскерий базасына шаршембиге караган түнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 1.20да сокку жасалган. Ирандык генерал Касем Сулеймани дагы дал ушул убакытта — 3-январда жок кылынган болчу. Бул туурасында New York Times басылмасы ирандык чиновниктерге таянуу менен билдирди.

Эске салсак, АКШ Багдаддын аэропортуна жасаган ракеталык чабуулунан кийин Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун генералы Касем Сулеймани набыт болгон.

08:43 08.01.2020

Ирандын Ислам революциясынын колдоочулар корпусу АКШнын "Айн-аль-Асад" базасына 35тен кем эмес сокку жасады. Бул туурасында РИА Новости  Tasnim агенттигине шилтеме кылып кабарлады.

08:36 08.01.2020

РИА Новости агенттиги Ирандын АКШ базаларына урган соккуларынын кийин WTI мунай затынын баасы шаршемби күнү 4 пайызга өскөндүгүн жазды. Бул маалыматты биржанын маалыматтарды тастыктап турат.

 Бишкек убактысы боюнча саат 7.08ге карата WTI үлгүсүндөгү мунай затынын февраль айына коюлган баасы 3,87 пайызга кымбаттады.

Буга чейин котировка 4,40 пайызга чейин көтөрүлгөн эле.

08:22 08.01.2020

АКШнын Аскер аба күчтөрүнүн учагын Иран "Айн-Асад" базасынын учуп-конгон тилкесинде жок кылгандыгын ливандык "Аль-Маядин" телеканалы кабарлады.

08:12 08.01.2020

Андан чабуулдун кандай болгондугун көрүүгө болот.

08:08 08.01.2020

Ирактагы АКШ аскерлери турган базага 13 ракета тийгендиги  айтылууда.

Алардын абадан кол салууга каршы турган системасы Иран ракеталарын атып түшүргөн-түшүрбөгөнү боюнча так маалымат чыга элек.

07:57 08.01.2020

Учурда Израиль абадан кол салуудан коргонуу жана аскерий-аба күчтөрүн согуштук даярдыкта кармап турат. Бул туурасында аравиялык "Аль-Арабия" телеканалы маалымдады.

07:56 08.01.2020

АКШ сенатору, демократ Эд Марки президент Дональд Трамптан Иранга жооп берген сокку ура турган болсо,  конгресстен уруксат сурашы керектигин талап кылды.

Анын пикирине караганда, АКШ президенти аскерий күчтөрдү колдонуу үчүн так даана уруксат алышы керек.

"Трапмтын АКШ аскерлеринин, жай адамдардын жана союздаштардын жашоосуна кайдыгер карагандыгы, Иран менен болгон чатак биздин адамдарды өрткө алып барып такады", — деп жазган Марки  социалдык тармакка.  

07:42 08.01.2020

Ирандын Ислам революциясынын колдоочулар корпусу аларга каршы согуштук аракеттерди көрүү үчүн аймагын АКШга пайдаланууга берип жаткан мамлекеттерге да жооп катары сокку жасаларын билдирди.

07:36 08.01.2020

Азырынча жаракат алгандар боюнча так маалымат жок. CNN телеканалы өздүк булактарына таянып, ракеталык соккудан америкалык аскерлер жабыркабагандыгын айтууда.

07:33 08.01.2020

Ирандын Tasnim агенттиги америкалык авиабазаларга жасалган ракеталык соккулардын экинчи толкуну башталганын кабарлады. Ал эми РИА Новостинин аскердик маалымат булагы ирандык аскерий учактар абага көтөрүлүп, чек аралаш аймактарда айланып жүргөнүн билдирди.

07:24 08.01.2020

Пентагон Ирандын соккусуна карата жооп берүү үчүн тиешелүү чараларды көрөт. АКШнын коргоо министринин коомчулук менен байланышуу боюнча жардамчысы Жонатан Хоффман баллистикалык ракеталар менен кол салуу болгонун билдирди. Окуя Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 3.30дар чамасында башталган.


"Ракеталарды Иран коё бергени белгилүү. Алар бери дегенде АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн жана коалициясынын Аль-Асад жана Эрбилдеги эки аскерий базасына сокку жасоону максат кылган. Биз келтирилген зыяндын алдын ала эсебин чыгаруу боюнча иштеп жатабыз", — деди Хоффман.

07:22 08.01.2020

АКШнын президенти Дональд Трамп кырдаалга тыкыр көз салып, улуттук коопсуздук боюнча командасы менен консультацияларды өткөрүп жатканы маалымдалды. Өз кезегинде Америка аскерлеринин жана аймактагы союздаштарынын коопсуздугун камсыздайбыз деп жатат.

07:20 08.01.2020

Азырынча жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу так маалымат жок.

07:12 08.01.2020

Ирандын Ислам революциясынын колдоочулар корпусу кол салууну алар жасаганын айтты. Бул Багдадда өлтүрүлгөн генерал Касем Сулеймани үчүн өч алуу экенин белгилешти.

07:12 08.01.2020

Акыркы маалыттар боюнча америкалык база ондогон ракетанын чабуулуна туш болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0