Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКемин районунда "Шумкар-Тор" заповедниги. Архив
Кемин районунда Шумкар-Тор заповедниги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
7-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Шейшемби күнү күндүз айрым аймактарда кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Сейсмограф - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын түштүк аймагында жер титиреди
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө 0...+5, Талас, Ысык-Көл аймактарында -1…+4, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +1…+6 градус жылуу, Нарын жергесинде күндүн табы -6...-11 градуска төмөндөйт.

Бишкек, Ош шаарларында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Термометрдин көрсөткүчү +3...+5 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0