Кыргызстандын түштүк аймагында жер титиреди

© AFP / LUIS RUEDAСейсмограф
Сейсмограф - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Силкинүүнүн очогу Баткенден түштүк-чыгышты көздөй 173 жана Оштон түштүк-батышты көздөй 117 чакырымда жайгашканы айтылды.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Өлкөнүн түштүк аймагында күчү төрт баллга жеткен жер титирөө катталганын Сейсмология институту билдирди.

Силкинүү 5-январь күнү саат 15.59да сезилген. Маалыматта жер титирөөнүн очогу Баткенден түштүк-чыгышты көздөй 173 жана Оштон түштүк-батышты көздөй 117 чакырымда жайгашканы айтылды. Ал эми Ачык-Суу айылында — 3,5 балл, Кашка-Суу, Жайылма, Кара-Кабак айылдарында — 3 балл жана Кабыкта 2,5 балл болуп сезилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0