Тыныбекова дүйнөнүн мыкты балбандарынын катарына кирди. Гонорары да айтылды

© Sputnik / Абзал КалиевЧемпионат мира по спортивной борьбе в Нур-Султане. Финал по женской борьбе. 62 кг
Чемпионат мира по спортивной борьбе в Нур-Султане. Финал по женской борьбе. 62 кг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жылдын мыкты балбандарын аныктоодо спортчулардын ири мелдештердеги жетишкендиги, катышкан чемпионаттарынын жыйынтыгы эске алынган.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде 2019-жылдын мыкты балбандарынын катарына кирди. Бул тууралуу Күрөш боюнча дүйнөлүк бирикменин (United World Wrestling) расмий сайтында кабарланат.

Чемпионат мира по спортивной борьбе в Нур-Султане. Финал по женской борьбе. 62 кг - Sputnik Кыргызстан
Намыска жараган Айсулуу, топ жарган Улукбек. Быйылкы чемпиондордун тизмеси
Маалыматка ылайык, кыз-келиндер арасында тизмеде биринчи орунда америкалык Тамира Менса турат. Ал 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 68 килограмм салмактагылар арасында чемпион болгон. Рейтингде экинчи орунду Айсулуу Тыныбекова алды. Кыргызстандык балбан кыз да Казакстандын борборундагы дүйнө биринчилигинде 62 килограмм салмактагылар арасында алтын тагынган. Ал эми үчүнчү орунга германиялык спортчу Алине Фоккен ээ болду.

Жылдын мыкты балбандарын аныктоодо спортчулардын ири мелдештердеги жетишкендиги, катышкан чемпионаттарынын жыйынтыктыгы эске алынган. Анын негизинде биринчи орунга 30 миң, экинчи орунга 20 миң, үчүнчү орунга 10 миң швейцария франкы берилет. Ошентип Тыныбекова 1 миллион 400 миң сомдон ашык акчалай сыйлык алат.

Буга чейин Тыныбекова UWW тарабынан "тарых жараткан адам" деп аталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0