БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. АКШ лидери Дональд Трамп Сенатта импичмент боюнча процессти баштоону талап кылды. Президент бул тууралуу Twitter баракчасына жазды.
So after the Democrats gave me no Due Process in the House, no lawyers, no witnesses, no nothing, they now want to tell the Senate how to run their trial. Actually, they have zero proof of anything, they will never even show up. They want out. I want an immediate trial!
— Donald J. Trump (@realDonaldTrump) 20 декабря 2019 г.
"Демократтар мага сот аркылуу коргонууга мүмкүнчүлүк бербегени аз келгенсип, эми сенатка бул процессти ишке ашыруу жагын үйрөткүсү бар. Айтып коёюн, демократтарда мени айыптап жаткан нерселерине далил жок, болбойт дагы. Мен импичмент процесси тез арада өтүшүн каалайм!" — деди Трамп.
Ошондой эле ал бир дагы республикачы импичментке добуш бербегенин эске салды.
The House Democrats were unable to get even a single vote from the Republicans on their Impeachment Hoax. The Republicans have never been so united! The Dem’s case is so bad that they don’t even want to go to trial!
— Donald J. Trump (@realDonaldTrump) 20 декабря 2019 г.
Эске салсак, АКШ конгрессинин өкүлдөрү президент Дональд Трампка импичмент жарыялаган. Палата Трамп кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жана конгресске бут тоскон деп жатат. Демократтардан турган парламенттик көпчүлүк импичмент үчүн добуш берсе, республикачылар каршы чыгышкан.
Эми иш Сенатка өтөт да, алар Трамп боюнча соттук процессти баштайт. Президентти кызматынан четтетүү үчүн сенаторлордун үчтөн биринин добушу керек.