00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Экономикалык панорама
19:05
40 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Гипотония: что делать при низком давлении? Советы невролога
14:06
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2025-жылы МЖӨ механизми аркылуу 4 млрд. доллардай инвестиция тартылды — жаңы мыйзам кандай иштеп жатат?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Язык, культура и образование: как работает Евразийский центр в Бишкеке
16:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Азыркы жаштар: активдүү, максаттуу бирок улуттук баалуулуктар сакталуудабы?
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Снять будущую пенсию: кому нужно и когда разрешат
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Казы Дикамбаевдин өмүр жолу жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Как изменилась экономика Кыргызстана за последние пять лет?
20:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2025-жылы МЖӨ механизми аркылуу 4 млрд. доллардай инвестиция тартылды — жаңы мыйзам кандай иштеп жатат?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Президент элдин үнүн укту. Кыргызстандын аймагында уран казууга тыюу салынды

Жазылуу
Буга чейин Кызыл-Омпол тоосундагы уран-торианит чачылмаларын иштетүүгө берилген лицензия боюнча коомчулукта нааразычылык пайда болгон.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо иштерине тыюу салган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Аталган мыйзам 31-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

"Мыйзамдын максаты калктын ден соолугун, жерлерди, суу объектилерин, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоого, жарандардын жашоо, эмгектенүү жана эс алуу үчүн жагымдуу айлана-чөйрөгө болгон укуктарын, ошондой эле радиациялык жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган", — дешти аппараттан.

Мыйзам менен Кыргызстандын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

  • уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө жана чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерди жүзөгө ашырууга;
  • уран, торий кендери чыккан жерлерди иштетүүгө (уранды, торийди казып алууга);
  • радиоактивдүү калдык сактоочу жайларды, кен калдыктарын иштетүүгө жана андан ары иштетүү жана кармап-күтүү максатында аларды жеке жактарга берүүгө;

Кыргызстандын аймагына уран камтылган жана торий камтылган чийки заттарды жана калдыктарды алып келүүгө жол берилбейт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кресла депутатов Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда уран кенин иштетүүгө тыюу салууга бир депутат каршы чыкты. Тизме
Эске салсак, буга чейин UrAsia in Kyrgyzstan компаниясынын Ысык-Көлдүн Тоӊ районунун жана Нарындын Кочкор районунун аймагына кирген Кызыл-Омпол тоосундагы уран-торианит чачылмаларын иштетүүгө берилген лицензиясы боюнча коомчулукта нааразычылык пайда болгон. Социалдык тармактарда элди уран кенин иштетүүгө каршы үгүттөгөн бир нече аудио, видео билдирүүлөр тараган. Ошондой эле аталган маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.

26-апрель күнү Жогорку Кеңештин имаратынын алдында уран казууну Ысык-Көлдө эле эмес, жалпы Кыргызстандын аймагында токтотууну талап кылган митинг өткөн. Мындан улам Жогорку Кеңеш менен өкмөт убактылуу тыюу салуу боюнча токтом кабыл алган болчу. Андан кийин кытай компаниясынын лицензиясы чакыртылып алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0