00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
2 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Об экономике и не только
с Кубатом Рахимовым
18:10
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Спортбокс
Спорттук экипировкаларды тандоодо эмнеге көңүл буруу кажет?
19:07
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
20:06
52 мин
Ачык кеп
Сууга бай кыргызстанда сугат маселеси кандай? - Ирригация тармагын өнүктүрүү боюнча коюлган тапшырма кандай аткарылып жатат?
23:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Акылга сыярлык иш эмес". Россотрудничествонун Twitter баракчасына бөгөт коюлду

© REUTERS / Mike BlakeРабота социальной сети Twitter
Работа социальной сети Twitter - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Twitter Россотрудничествонун (Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги, чет жерде жашаган мекендештер жана эл аралык гуманитардык кызматташтык боюнча федералдык агенттик) расмий баракчасына бөгөт койду.

Расмий аккаунт Россиянын Конституция күнү туурасында билдирүү жарыялаган соң бөгөттөлгөн. Ушул тапта жазылуулар да, катталуучулары да жок экени көрсөтүлүүдө. Twitter Конституция күнү жөнүндөгү постту да өчүрүп салган. Sputnik агенттигинин кабарчысы Лев Рыжков окуянын күнгөй-тескейине токтолду.

Техникалык себептерден уламбы?

Россотрудничествонун жетекчисинин орун басары Михаил Брюханов түзүлгөн кырдаал боюнча Sputnik агенттигине өз пикирин билдирди.

"Биздин кызматкерлер социалдык медианын аталган бутагынын өкүлчүлүктөрүнөн расмий түшүндүрмө алууга аракет кылууда. Биз жарыялаган пост социалдык медианын администраторлорунун мындай реакциясын жаратканы акылга сыйбайт. Менимче, бул боюнча кандайдыр бир түшүндүрмө издеп, ал тургай, техникалык негиздемелерди да көрсөтүшү мүмкүн. Биздин жана катталуучуларыбыздын укугун бузуулар тез арада токтойт деп ишенебиз", - деди ал.

Басмырлообу же мүчүлүштүкпү?

Жагдайдын мындан аркы өнүгүшү боюнча оюн Адвокаттардын федералдык палатасынын вице-президенти, Коомдук палатанын мүчөсү, Россиянын эмгек сиңирген юристи Владислав Гриб Sputnik окурмандарына ортого салды.

"Техникалык себеби болбосо, кайсы бир деңгээлде Россотрудничествонун баракчасынын бөгөттөлүшү – болбогон, түшүнүксүз кадам, - дейт Владислав Гриб. – Бирок техникалык мүчүлүштүк эмес экени айкын. Андай болгондо дароо Россотрудничестводон кечирим сурамак. Эгер бизнесте ушундай кырдаал жаралса, компания тийиштүү доо арыз бермек. Кандай болгон күндө да бул абройго доо кетирет, саясый өңүттөгү басмырлоо болуп саналат".

Строительство газопровода Северный поток-2 в Ленинградской области - Sputnik Кыргызстан
Россия АКШнын санкцияларынан коркпошу керек. Эмне үчүн?
Түшүнүү үчүн Twitter өкүлчүлүгүнүн жообун күтүү керек деп эсептейт жактоочу.

"Twitter ченемдик-укуктук базага, анын ичинде өзү иш алып барып жаткан аймактын – Россия Федерациясынын мыйзамдарына шилтеме кылуу менен жооп берүүгө тийиш, - деп билдирет Гриб. - Жооп жана документтерди алган соң маселе сотко жеткирбестен же соттук тартипте чечилет. Бирок кандай болсо да Twitter социалдык медиасы так жооп берер. Бул суроолорго жооп алгандан кийин укуктук мүнөздө чара көрүүгө болот. Мыйзамдык негиз болбостон, жарандарды да, уюмдарды да, юридикалык жактарды да кысымга алууга болбойт".

Юристтин айтымында, Россотрудничество Россия Федерациясынын жарандарынын укуктары бузулуп жаткандыктан, Байланыш, маалыматтык технологиялар жана массалык коммуникациялар федералдык кызматына (Роскомнадзор) да кайрыла алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0