Кийинчерээк, 2003-жылы, БУУ резолюция кабыл алып, анын негизинде 11-декабрды — Тоолордун эл аралык күнү деп жарыялаган. Муну менен БУУ эл аралык коомчулукту жогорку деңгээлдеги иш-чараларды уюштурууга чакырган. Анын негизги максаты — тоолуу аймактардагы көйгөйлөргө элдин көңүлүн буруу эле.
Кыргызстанда эң бийик тоо катары Жеңиш чокусу (7439 метр) эсептелет. Ал эми батыш Европада эң бийик тоо — Монблан (4810 метр). ЮНЕСКОнун дүйнөлүк баалуу мурастарына кирген Фудзияма (3776 метр) Япониядагы эң бийик тоо катары саналат. Дүйнөнүн эң бийик тоосу — Эверест (8848 метр).

Сулайман-Тоонун көрүнүшү жана Оштун чок ортосундагы Бабурдун үйү

Жети-Өгүз — Каракол шаарынан түндүк батышты карай 25 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жети-Өгүздүн аскалары кайтарууга алынган жаратылыш эстелиги болуп саналат. Тоонун бир капталы жаштар арасында кеңири белгилүү болгон — Жарылган жүрөк аскасы.

3/16
© Фото / Влад Ушаков
"Жомок" каньону Ысык-Көл облусунда жайгашкан. Көркөмдүгү менен бир көргөн кишини кайдыгер калтырбаган ажайып жер. Аска таштардын арасынан түрдүү жаныбарлардын образын көрүүгө болот. Андан тышкары, Египеттеги атактуу сфинксти, Улуу Кытай сепилин дагы окшоштуруп тапсаңыз болот. Бул жомоктун баары шамал, жамгыр жана күндөн улам пайда болгон.

Баткен облусундагы өрүкзар

Адистердин айтымында, тоого чыгуу адамды стресстен арылтат

6/16
© Фото / Геннадий Закиров
Көкөмерен дарыясынын маңдайын тиктеп отуруп ажайып Кызыл-Коргон каньонун байкабай калуу мүмкүн эмес

7/16
© Владислав Ушаков
Кыргызстандын түштүк-чыгышындагы Көл-Суу көлү деңиз деңгээлинен 3400 метр бийиктикте жайгашкан (Көк-Кыя өрөөнү, Ак-Сай дарыясынын бассейни)

8/16
© Влад Ушаков
Капчыгайдагы шаркыратмалар кышкысын муздан жасалган дубалды элестетет

Сары-Челек көлү Жалал-Абад облусунда жайгашып, Чаткал тоо кыркалары курчап турат

10/16
© Фото / Геннадий Закиров
Хан-Теңири чокусу деңиз деңгээлинен 7010 метр бийиктикте жайгашкан

Борбордук Тянь-Шань. Жеңиш чокусу.

12/16
© Влад Ушаков
Баткен облусуна караштуу Самаркандек айылынан батышты көздөй 18 чакырым алыстыкта көз талдырган Сары-Тоо массиви жайгашкан.

Арашан мамлекеттик коругу

Жалал-Абадды көздөй жол...

15/16
© Азамат Айтбаев
Ала-Көл Тескей-Ала-Тоо кыркасында жайгашкан (Борбордук Тянь-Шань).

16/16
© Фото / Геннадий Закиров
Ала-Арча улуттук жаратылыш паркындагы дарыя