Чемпионатка борбордон чогулган 84 кыз катышты. Анда 10-11, 15 жана андан жогору курактагы кыздар күч сынашты.
Жеңүүчүлөр медаль жана дипломдор менен сыйланышты. КРдин Көркөм гимнастика федерациясынан байге ээлери өлкөнүн курама командасына кирип, эл аралык мелдештерге катышууга мүмкүнчүлүк алганын билдиришти.

Эс алуу күндөрү гимнасттар Кыргызстан чемпионатына катышты

Спортчулар секирме, алкак, топ, тасма менен жана буюмсуз көнүгүүлөрдү жасашты

Мелдешке борбордон чогулган 84 спортчу катышты. 10-11, 15 жаштагы жана андан жогору курактагы кыздар күч сынашты.

Көркөм гимнастика региондордо анча өнүккөн эмес, ошол себептен КРдин чемпионаттары Ош менен Бишкекте жергиликтүү спортчулардын катышуусунда өтүп турат.

Жаш спортчуларды колдоо үчүн мелдешке алардын ата-энелери менен жакындары да келишти

Сөөгү жоктой.... Мындай ийилчээктикке жетүү үчүн узак убакыт тер төгүү керек экендиги белгилүү эмеспи.

Тасма менен бийлеген өспүрүм. Соңку убакта ата-энелер кыздарын көркөм гимнастикага көп берип жаткандыгын байкоого болот.

Топ менен өнөрүн көрсөткөн кыз келгендерди айран-таң калтырууда

Турнир Кожомкул атындагы спорт сарайынын машыгуу залында болду

Ийгиликке жетүү үчүн буттар минтип көгөрөт... Биз үчүн таң калычтуу көрүнсө, гимнасттарга көндүм адат болсо керек.

Кыргызстанда көркөм гимнастика эми өнүгүп келе жатат деп айтса туура болот. Себеби дүйнө чемпионаты, Олимпиада оюндарынан дээрлик байге жок.

Бийчи тыным учурунда

Бутун ээгине жеткирген бийчи. Мындай өнөр калыстарды кайдыгер калтырбашы керек.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери медаль жана дипломдор менен сыйланышты.

КРдин Көркөм гимнастика федерациясынан байге ээлери курама командагы кирип, эл аралык мелдештерге катышууга мүмкүнчүлүк алганын билдиришти.