Ракка чалдыккан өспүрүм кызга рецепт жазып бербей... Бишкектеги окуя

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность Республиканского ожогового центра
Деятельность Республиканского ожогового центра - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Бишкек шаарындагы №12 үй-бүлөлүк медициналык борбордо болгон. Министрликтен күнөөлүүлөр жазасын алгандыгын айтышты.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Балдар хосписинин башчысы Ольга Труханова социалдык тармакка 11 жаштагы кыз онкологиялык оорунун жардам берүүгө болбой калган стадиясында каза болгондугун жазды. Ал арада Саламаттыкты сактоо министрлиги дарыгерлерге карата жаза көрүлгөндүгүн билдирди.

Труханованын айтымында, ооруканадан кызды хосписке мурдагы күнү алып келген. Ал Арча-Бешик конушундагы №12 үй-бүлөлүк медицина борборунда каттоодо турган.

Директор кыздын энеси "онкологиялык ооруканадан чыккандыгы" жөнүндө кагазды алып, аталган борборго ооруну басаңдатуучу дарыны алыш үчүн баргандыгын билдирди. Бирок ал жерден аталган дарыга рецепт жазып берүүдөн баш тартышкан.

Хоспистин медайымы кызга эмнеге рецепт бербей жаткандыгын айтып борбордун дарыгерине чалган.

"Медайым бул суроого жооп алган эмес, бирок доктор эмне дары жазып берүүсүн тактап, көрсөтмө бергидей кимсиң деп айткан. 10 мүнөттөн кийин ошол эле дарыгерге чалдым",— деди Труханова.

Анда дарыгер кайсы бир протоколду бетине кармаган, бирок анын кандай документ экендигин так, даана аныктаган жок деп жазган директор.

Анын айтымына караганда, Труханова Саламаттыкты сактоо министрлигине арызданам дегенден кийин гана рецепт жазып берүүгө макулдугун берген.

"Ушундай сабатсыз, адамгерчилиги жок дарыгерлердин айынан бүгүн энеси кызынын жанында болом деген эң кымбат убактысын коротту. Кыз көз жумду, апасы жанында болгонго жетишип калды. Бала кыйналбай кетти, себеби бизде керектүү дарылар бар эле", — деп жазган Труханова.

Ооруканадагы өспүрүм. Архив - Sputnik Кыргызстан
КРде ракка кабылган балдарга алгач ирет тамчылатма морфин алынып келет
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан министрликте Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан, Бишкек шаардык мэриянын алдындагы саламаттыкты сактоо башкармалыгынан, балдардын №1 хосписинен өкүлдөр, Үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчилиги, кыздын энесин кабыл алган дарыгерлер, медайымдар чакырылып, маселе каралгандыгын билдирди.

Мындан улам кимдин айыбы бар экендиги такталып, медицина кызматкерлеринин оорулууга жардам көрсөтүүдө кемчиликтери аныкталган.

Анын жыйынтыгында төмөнкү чечимдер кабыл алынган:

  • Түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин алып барууда чала көзөмөлү үчүн Эненин жана баланын саламаттыгын коргоо борборунун директорунун орун басары Жанкойлиевага;
  • Аталган борбордун ишмердүүлүгүнө чала көзөмөл кылганы үчүн №12 үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгери Досалиевага;
  • Ленин райондук үй-бүлөлүк медицина борборлору бирикмесинин директору Маматаевге ишиндеги кемчилигин көрсөтүү менен сөгүш берилди.

Андан сырткары, Маматаевге бир катар кызматкерлерге карата чара көрүүгө көрсөтмө берилген. №28 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси менен №12 үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгерлерине дисциплинардык чара көрүлсө, үй-бүлөлүк дарыгер менен медайым сөгүш алмакчы.

Ошондой эле Ленин райондук үй-бүлөлүк медицина борборлору бирикмесинин жетекчилигине бардык оорулууларга дары-дармектин жетиштүүлүгүн камсыздап, оорулууларды кабыл алууда этикалык талаптарды сактап, "Биринчи хоспис" менен сектор аралык байланышты чыңдоого тапшырма берилди.

15 жаштагы бала министрдин ордуна отуруп, аткаминердин өзүнө тапшырма берди. Видео - Sputnik Кыргызстан
15 жаштагы бала министрдин ордуна отуруп, аткаминердин өзүнө тапшырма берди. Видео
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалымат кызматынан мамлекеттик программанын негизинде дарылоого мүмкүн болбой калган стадиядагы онкологиялык оорулууларга төрт дарыны берүү каралгандыгын айтышты. Алар морфин, промедол, трамадол, кетопрофен. Мунун көлөмү жана мезгили да каралган.

Дарыгерлер коюлган диагнозго карап дарыларды жеңилдетилген шарты каралган рецепт жазып берет. Эгерде бейтапканада онколог-дарыгер жок болсо, рецептти үй-бүлөлүк дарыгер да бере алат.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду дарыгер рецепт жазып берүүдөн баш тартса, 113 телефонуна чалуу керектигин айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0