00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мурдагы консул Эркин Сопоковдун баш коргоо чарасы тандалды

© AFP / ATTILA KISBENEDEKСуд над Рамилем Сафаровым в Будапеште
Суд над Рамилем Сафаровым в Будапеште - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Прокурордун өтүнүчү канааттандырылып, Сопоковдун кармалышы негиздүү жана мыйзамдуу болгону айтылган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоковдун баш коргоо чарасы тандалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүлү Асель Равшанбекова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Сопоков УКМКнын тергөө абагында 2020-жылдын 28-январына чейин калтырылды.

Кыргызстандын башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Саймаитинин өлүмү. Башкы прокурор да түркиялык кесиптеши менен сүйлөштү
Белгилей кетсек, Эркин Сопоков 28-ноябрда УКМК тарабынан кармалган.

Равшанбекова белгилегендей, прокурордун өтүнүчү канааттандырылып, Сопоковдун кармалышы негиздүү жана мыйзамдуу деп табылды.

Эске салсак, Эркин Сопоковдун дипломатиялык номер тагылган унаасы Айэркен Саймаити өлтүрүлгөн жерден алыс эмес тараптан табылган.

Эркин Сопоковду комплекстүү текшерүү иш-аракеттеринин жыйынтыгында Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери УКМКнын тергөө башкармалыгына жиберилген:

- Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча катталган Эркин Сопоков тарабынан дипломатиялык номери менен "Лэнд Ровер – Рэндж Ровер" үлгүсүндөгү өздүк автоунаасын Айэркен Саймаитиге жана башка тараптарга мыйзамсыз берген фактысы;

- Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту ("Мыйзамсыз баюу") боюнча катталган Эркин Сопоковдун 200 000 доллар өлчөмүндө акча каражатына ээ болуп, 47,6 миллион сомго турак жай сатып алып, мыйзамсыз байыган фактысы;

Уголовное дело - Sputnik Кыргызстан
Саймаитинин ысымы канча кылмыш ишинде аталып жатканы айтылды
Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча катталган Эркин Сопоковдун жубайынын Стамбул шаарындагы чет өлкөлүк командировкасы үчүн төлөнгөн 30 пайыз акча каражаттарын мыйзамсыз алуу фактысы. Анткени жубайы бул учурда Стамбул шаарында жашаган эмес. Ошондой эле жалпы суммасы 31 040 доллар өлчөмүндө зыян келтирген мыйзамсыз түрдө медициналык жана өкүлчүлүк чыгымдарды алуу фактысы.

Учурда сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Айэркен Саймаитиге карата болгон коркутуулар боюнча маалыматтарды толук кандуу жана объективдүү жүргүзүү максатында бардык жагдайларды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0