Атамбаевдин айдоочусу, кийин консул болгон. Эркин Сопоковдун өмүр баяны

© Photo / fsm.edu.trГенеральный консул КР в городе Стамбул Эркин Сопоков
Генеральный консул КР в городе Стамбул Эркин Сопоков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркин Сопоков Баткен облусунун Кадамжай районунда 1967-жылы 3-мартта туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

  • 1991 — Ташкент ислам институтуна тапшырган;
  • 2005 — Укук жана ишкердик боюнча Москва институтунун Бишкектеги филиалын аяктаган. Бул убакыттын ортосунда "Кыргыз автомаш" ишканасына ишке орношуу үчүн келип, 1998-2002-жылдары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айдоочусу болуп иштеген.

Эмгек жолу:

  • 2002-2005 — ИИМ системасында иштеген;
  • 2006-2007 — Чүй жана Ысык-Ата райондорунда мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орун басары;
  • 2007 — Бишкек шаарынын Свердлов районунун салык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;
  • 2008-2009 — Чүй облусунун Жайыл районунун жана Ош шаарынын Салык жана жыйымдар боюнча шаардык башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2010 – 13.03.2012-жыл, апрель — Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
  • 2012 - 1.03.2013 — президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;
  • 2017-жылдын апрелине чейин —"Ала-Арча" №1 мамлекеттик резиденциясынын директору;
  • 2017 — КРдин Стамбулдагы башкы консулу болуп иштеген.

Салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси.

Түрк жана араб тилдеринде эркин сүйлөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0