Толук адамдар арыктарга караганда өзүн бактылуу сезет. Иликтөө

© AFP / STF / AFP FILESПроблема с ожирением в США
Проблема с ожирением в США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арык адамдар тамак жагынан өзүн оголе чектейт. Спорт менен алектенип көп кыймылдайт. Мындай учурда зат алмашуу жакшырат, бирок организм кубаныч гормонун, эндорфинди азыраак бөлүп чыгарып калат экен.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Арык адамдарга караганда ашыкча салмагы барлар өздөрүн алда канча бактылуу сезишет. Мындай бүтүмгө Нью-Йорктогу Корнелл университетинин (АКШ) окумуштуулары келгенин Daily Mail басылмасы жазды.

Машыгып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жарым жылдык өмүрү калганын уккан жигит 273 килограммга арыктады. Сүрөт
Маалыматка караганда, 2001-2009-жылдары АКШда чоң кишилер арасында салмагы 90 килограммдан жогорулар 24 пайыз болсо, 2010-2019-жылдары бул көрсөткүч 28 пайызга жеткен.

Мындан улам АКШ бийлиги калктын саламаттыгы үчүн жарандарды арыктатуу боюнча бир катар программаларды иштеп чыккан. Дал ошол учурда жүргүзүлгөн сурамжылоого катышкан толук адамдардын басымдуу бөлүгү өз жашоосуна ыраазы экенин айтып, арыктабай турганын билдиришкен.

"Көрсө, адамдын жашоо образы анын психологиялык абалына чоң таасир этет экен. Мисалы, өзү эле толук адамда толуп кетпейин деген коркунуч жок. Каалаган учурда жегиси келген тамагын жей алат. Мындан улам көңүлү ток, башы оорубайт", — деп айтылат макалада.

Ал эми арык, денесине кам көрүп жүргөн адамдар тамак жагынан өзүн оголе чектейт. Спорт менен алектенип көп кыймылдайт. Мындай учурда зат алмашуу жакшырат, бирок организм кубаныч гормонун, эндорфинди азыраак бөлүп чыгарып калат экен.

Албетте, көңүлдүн ток болгону жакшы, бирок адистер ашыкча салмактын зыяны тууралуу көп айтып келишет. Мисалы, толук адамдардын кан басымы көтөрүлүп, кант диабетине кабылышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0