БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. АКШнын Вирджиния штатынын Бристоль шаарынын тургуну Мэттью Хаузер 273 килограммга арыктады. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
25 жаштагы жигит ашыкча салмак менен жабыркап келген. Анын салмагы 363 килограммга чейин жетчү. Хаузер соңку ирет ооруканага түшкөндө дарыгерлер анын жарым жылдык өмүрү калганын айткан. Ошондон кийин ал саламаттыгына кам көрүүгө киришкен. Натыйжада үч жылдын ичинде 273 килограммга арыктаган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Ал мындай көрсөткүчкө өлчөп тамак жеп жана күн сайын эки сааттан машыгуунун арты менен жеткенин белгилейт.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Хаузер ашыкча салмактан арылуудан сырткары, психологиялык көйгөйлөрдөн да кутулган. Спорт менен дисциплина ага депрессияны жеңүүгө жардам берген.
Виджет news