Сапар Исаковду 15 жылга кесүү сунушталды. ТЭЦ боюнча соттук иликтөө соңуна чыкты

© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловКыргызстандын мурдагы премьер-министрлери Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев. Архив
Кыргызстандын мурдагы премьер-министрлери Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Териштирүү учурунда жактоочу жана айыптоочу тараптардан 90дон ашык негизги жана кошумча күбөлөр суракка алынган.

БИШКЕК, 27-ноя. – Sputnik. Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупцияга тийиштиги бар деп айыпталгандар боюнча Свердлов райондук сотунун иликтөөсү аяктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Айыпталуучулардын тизмесинде Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Салайдин Авазов, Жолдошбек Назаров, Темирлан Биримкулов, Айбек Калиев, Ольга Лаврова бар. Иликтөө аяктагандыгына байланыштуу сот тараптардын жарыш сөзүнө өттү.

"Тергөө мамлекет 5 миллиард 439 миллион 527 миң 482 сом чыгым тартканын аныктады. Аталган кылмыш ишин сот тогуз айдан ашык убакыт бою карап, ЖМКлар тарабынан ачык чагылдырылып турду", — деп айтылат маалыматта.

Териштирүү учурунда жактоочу жана айыптоочу тараптардан 90дон ашык негизги жана кошумча күбөлөр суракка алынган.

"Айыпталуучулардын 20 адвокаты тарабынан көптөгөн сураныч, өтүнүчтөр айтылып, алар убагында сот тарабынан каралып жатты. Мыйзамдуу чечимдер кабыл алынды", — дешти прокуратурадан.

Айыптоочу тарап күнөөлөнүп жаткандардын айыбы толугу менен далилденгенин билдирген.

Улуттукэнергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
"УКМКда жашап атпаймынбы..." Айбек Калиев соттогуларды күлкүгө салды
Жарыш сөз учурунда мамлекеттик айыптоочулар жагдайды жеңилдеткен жана оорлоткон учурларды эске алып, айыпталуучуларды күнөөлүү деп табууну суранышты. Аны менен кошо эле төмөнкүдөй жаза берүү суунушу болду:

Сапар Исаков — Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси боюнча 15 жылга эркинен ажыратылсын. Ошондой эле мүлкү конфискацияланып, Кыргызстандын ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангы, II даражадагы "Манас" ордени жокко чыгарылсын. Мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебесин;

Айбек Калиев — Кылмыш-жаза кодексинин 215 жана 59-беренелери боюнча 17 жылга эркинен ажыратылсын. Мүлкү конфискацияланып, Ардак грамотасы, "Даңк" медалы жокко чыгарылсын. Мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебесин. Ошондой эле 2011-жылы чыккан Toyota Land Cruiser Prado 150 үлгүсүндөгү унаасын сатуудан түшкөн 1 627 801 сом мамлекеттин эсебине алынсын;

Жантөрө Сатыбалдиев — Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси боюнча 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылсын. Мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебесин;

Осмонбек Артыкбаев — абалын эске алуу менен жеңилдетилген жаза берилсин. Тагыраагы, мамлекетке 100 миллион сом кайтарып берсин. Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси менен 50 миң эсеп көрсөткүчү (5 миллион сом) боюнча айып салынсын. Мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебесин;

Салайдин Авазов — Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси боюнча 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылсын. Мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебесин;

Жолдошбек Назаров — Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси менен 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылсын. Мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебесин;

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаковдун жубайы Малика: экөөбүз тең жолугушууну күн санап күтөбүз
Темирлан Биримкулов — Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси боюнча 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылсын. Мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебесин;

Ольга Лаврова — Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси боюнча 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылсын. Мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебесин;

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин тергөөсү аяктаганын билдирген. Натыйжада Сапар Исаков башында турган бир катар кызмат адамдары бийлигинен пайдаланып, TBEA компаниясы менен мамлекеттин кызыкчылыгына төп келбеген келишим түзгөнү аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0