00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
20-й юбилейный фестиваль «Оймо» начался в Бишкеке: место встречи ценителей уникальных вещей с ремесленниками
08:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Курман айт — кайрымдуулуктун жана биримдиктин майрамы
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
За цифрами - судьбы: историк Бахтин о концлагерях на оккупированных территориях СССР
10:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Аз камсыз үй-бүлөлөргө колдоо: “Социалдык контракт” программасынын төрт жылдагы жыйынтыктары кандай?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
5 мин
Максимальный репост
On air
12:07
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Япон басылмалары Бишкекте өткөн футбол мелдешин кандай чагылдырды?

© AP Photo / Vladimir VoroninФутбольный матч между сборными Кыргызстана и Японии в Бишкеке
Футбольный матч между сборными Кыргызстана и Японии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
14-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Япониянын курама командалары 2022-жылы өтө турчу Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турларынын алкагында беттешти.

Тилекке каршы, Кыргызстан 0:2 эсебинде утулуп калды. Анткен менен кыргызстандык оюнчулар татыктуу оюн көрсөтүп, стадионго келген күйөрмандарды көңүл кош калтырган жок. Кыргыз оюнчулары оюндун башында үстөккө-босток чабуулга өттү. Тилекке каршы, андан майнап чыккан жок.

Кайгырган кыздар, ызырынган жигиттер. Футбол күйөрмандарынын эмоциясы видеодо - Sputnik Кыргызстан
Кайгырган кыздар, ызырынган жигиттер. Футбол күйөрмандарынын эмоциясы видеодо
Япон оюнчулары биринчи таймдын аягында пенальтиден гол киргизип эсепти ачты. Экинчи таймдын башында айып топту тээп, гол киргизип кетти.

Кыргызстандын курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин да оюнчулар жакшы оюн көргөзгөнүн айтып, күчтүү команда менен болгон беттеш бир топ тажрыйба бере турганын белгилеген.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкек шаарында өткөн мелдеш тууралуу япониялык басылмалар кандай маалыматтарды жазганын билип көрдү. Басылмаларга чыккан маалыматтарды жазууда Японияда жашаган Чыңгыз Сүйүнбек уулу жардам берди.

Soccerdigestweb басылмасынын эксперти Кенсуке Хонда япон курамасынын кыргыз футболчулары менен болгон оюнуна баа берген. Ал өз макаласында япон оюнчуларынын ичинен дарбазачыга эң жогорку баа берип, аны команданын сактоочусу деп атаган. Бул тууралуу ал мындай деп жазган:

"Футбол талаасында оюн татаал болду. Япон курамасы катары менен төртүнчү жолу жеңишти камсыздады. Бирок бул комплимент эмес. Себеби оюн өтө оор болду, футбол талаасынын абалы начар болгондуктан топту таамай тебүү кыйынга туруп, алыска пас берүү дээрлик болгон деле жок. Шуичи Гонда 31чи жана 67-минуталарда албууттанган кыргыз футболчуларынын коркунуч жараткан эки соккусун жокко чыгарды. Бул кадамы менен ал өз оюнун таба албай жардын кырында турган япон курамасына дем берип, аны утулуудан сактап калды.

Футбольный матч между сборными Кыргызстана и Японии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
"Ак шумкарлар" менен "Самурайлардын" кармашы. Бишкек стадионунан 20 сүрөт
Команданын коргоочусу 22-номурдагы Мая Ёшида эл аралык 100-оюнун өткөздү. Атаандаштардын чабуулдарына канчалык туруштук бербесин, каршылаштардын чабуулунун импульсу төмөндөгөн жок. Япония жеңип алды, бирок мен бул оюнду кыргыздардын айкөлдүгү даана сезилген оюн болгондугун айтып коюшум керек", – деген пикирин жазган.

NHK басылмасы Япония үчүн оюндун ритмине кирүү өтө оор болгонун жазды. Футбол талаасынын чөп өспөгөн жерлеринде япон футболчулары көп жаңылып жатышты. Бирок биринчи бөлүктүн аягында каршылаштардын дарбазачысы эреже бузгандыктан кыргыз тараптын дарбазасына пенальти дайындалганын жазган. Жарым коргоочу Такуми Минамино бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаганына токтолгон.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0