Борбордун тургундары 4 күн ичинде кант диабетин бекер текшерте алат

© AFP 2023 / NOAH SEELAMМедсестра берет пробу крови у больного сахарным диабетом
Медсестра берет пробу крови у больного сахарным диабетом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ден соолукту чыңдоо борборунун дарыгерлери менен Эндокриндик борбордун кызматкерлери шаардын ар кайсы жеринде кызмат көрсөтүшөт.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Бишкектиктер төрт күн бою кандагы канттын өлчөмүн акысыз ченете аларын шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акция 14-ноябрь - Кант диабети менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүн утурлай жүргүзүлөт. Анда Ден соолукту чыңдоо борборунун дарыгерлери менен Эндокриндик борбордун кызматкерлери шаардын ар кайсы жеринде бейтаптардын канындагы кантты бекер өлчөп беришет. Андан тышкары, кан басымды дагы текшерип беришет.

Төмөнкү даректер боюнча кайрылууга болот:

  • 14-ноябрь саат 10.00дөн 14.00гө чейин "Дордой Плаза" соода борборуна;
  • 18-ноябрь саат 9.00дөн 12.00гө чейин Абай, 93 дарегиндеги карылардын үй-интернатына;
  • 19-ноябрь саат 9.00дөн 12.00гө чейин Интергельпо, 8 дарегиндеги карылардын үй-интернатына;
  • 20-ноябрь саат 9.00дөн 12.00гө чейин Күрөңкеев, 89 A дарегинде жайгашкан "Ардагер" геронтология борборуна.

Мындан тышкары, 14-ноябрда бириккен үй-бүлөлүк медициналык борборлордо кандагы канттын өлчөмүн ченөө боюнча жумалык өтөрү кошумчаланды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0