БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Mirror басылмасынын жазышынча, ал жүктөгөн видео аз убакыттын ичинде алты миллион көрүүчүнү топтой алган.
Келин наристесин башты жана майда тамырларды укалаган аспап (капиллярный массажер — ред.) менен сооротконду үйрөнүп алган. Видеодон автор мындай ыкманы биринчи ирет кылып жатпаганын байкоого болот. Бала укалоочу каражатты көргөндө эле басылымыш этип, буту-колун тыбырчылатат. Аспапты башына тийгизгенде, ал жыргап күлөт.
Роликти 180 миң адам бөлүшкөн. Видеого комментарий калтыргандар мындай ыкмага суктанып, укалоочу каражат арзан жана натыйжалуу экендигин белгилешкен. Алар муну колдонуп көрөрүн да жазышкан.