Дүйнө лидерлери спорттун кайсы түрү менен машыгат? Путинден Трампка чейин

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекетти да башкарып, залдагы машыгуусун дагы калтырбай көпчүлүккө үлгү көрсөткөн дүйнө лидерлери бар. Коомчулукка Россиянын лидери Владимир Путин менен Монголиянын башчысы Халтмаагийн Баттулганын залда тер төгөрү маалым.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги дүйнөдөгү президенттер жана премьер-министрлер спорттун кайсы түрү менен машыгарына көз жүгүрттү. Маалыматтар интернеттеги ачык булактардан алынды.

Редакция буга чейин кыргызстандык аткаминерлер кайсы спорт менен машыгарын жазган. Анда спикерден тарта Жогорку Кеңештин депутаттарына чейин тизмектелген.

Владимир Путин

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүВладимир Путин дзюдо жана самбодо спорттун чебери, каратэ боюнча кара курдун ээси. Дзюдону азыркыга чейин таштабай келет.
Дүйнө лидерлери спорттун кайсы түрү менен машыгат? Путинден Трампка чейин - Sputnik Кыргызстан
Владимир Путин дзюдо жана самбодо спорттун чебери, каратэ боюнча кара курдун ээси. Дзюдону азыркыга чейин таштабай келет.

Россиянын лидери жакында эле спортто биринчи бокс менен машыгып, мурду сынгандан кийин токтотконун айтып берген. Ал дзюдо жана самбодо спорттун чебери, каратэ боюнча кара курдун ээси. Дзюдону азыркыга чейин таштабай, спорттун чеберлери менен спарринг кылып турат.

Халтмаагийн Баттулга

© Sputnik / Табылды КадырбековМонголия лидери Халтмаагийн Баттулга бизнес жана саясат менен алектенип жүргөнүнө карабай спортту таштаган эмес. Жумасына үч жолу залда тер төгөөрү айтылат.
Дүйнө лидерлери спорттун кайсы түрү менен машыгат? Путинден Трампка чейин - Sputnik Кыргызстан
Монголия лидери Халтмаагийн Баттулга бизнес жана саясат менен алектенип жүргөнүнө карабай спортту таштаган эмес. Жумасына үч жолу залда тер төгөөрү айтылат.

Монголиянын президенти жаш кезинде дзюдо жана самбо менен машыгып, өлкөнүн курама командасына кирген. Ал 1989-жылы самбо боюнча дүйнө чемпионатын багындырган. Баттулга бизнес жана саясат менен алектенип жүргөнүнө карабай спортту таштаган эмес. Жумасына үч жолу залда тер төгөөрү айтылат. Монголиянын Дзюдо федерациясын жетектейт. Ал быйыл Бишкектеги ШКУ саммитине келгенде Кыргызстандын улуттук курама командасын Токидо өтө турчу Олимпиада оюндарына чогуу даярданууга чакырган болчу.

Гурбангулы Бердымухамедов

Түркмөнстандын башчысы 15 жашында эркин күрөш боюнча Ашхабаддын чемпиону, андан бир жылдан кийин ок атуу боюнча республиканын чемпиону болгон. Учурда ат чабыштарга, дрифт жарыштарына, ок атуу мелдештерине катышып турат.

Ошондой эле спорт тууралуу "Спорт — достукка, сулуулукка жана ден соолукка карай жол" деп аталган китеп жазган.

Дональд Трамп

© AFP / ANDY BUCHANANДональд Трамп мектеп курагында волейбол, бейсбол, футбол менен активдүү алектенсе, азыр гольфту жакшы көрөт.
Дүйнө лидерлери спорттун кайсы түрү менен машыгат? Путинден Трампка чейин - Sputnik Кыргызстан
Дональд Трамп мектеп курагында волейбол, бейсбол, футбол менен активдүү алектенсе, азыр гольфту жакшы көрөт.

АКШнын президенти мектеп курагында волейбол, бейсбол, футбол менен активдүү алектенген. Учурда ал гольф ойноп, өзүнүн гольф клубу уюштурган мелдештерге катышып турат. Ошондой эле аралаш мушташ спортунун сүйүүчүсү. Бөтөнчө россиялык мушкер Федор Емельяненкого жан тартып, бир дагы беттешин калтырбай көрөт.

Синдзо Абэ

© AFP / JIJI PRESSСиндзо Абэ гольф, бейсболду жактырат.
Дүйнө лидерлери спорттун кайсы түрү менен машыгат? Путинден Трампка чейин - Sputnik Кыргызстан
Синдзо Абэ гольф, бейсболду жактырат.

Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ гольф, бейсболду жактырат. Абэ быйыл АКШ президенти Трамп менен биргеликте Японияда бешинчи ирет гольф турнирин өткөргөн. Ошондой эле эки лидер чогуу гольф ойноп турушат.

Эмомали Рахмон

© Фото / пресс-служба президента ТаджикистанаЭмомали Рахмондун футбол, волейбол, теннис менен алектенгенди жакшы көрөрү айтылат.
Дүйнө лидерлери спорттун кайсы түрү менен машыгат? Путинден Трампка чейин - Sputnik Кыргызстан
Эмомали Рахмондун футбол, волейбол, теннис менен алектенгенди жакшы көрөрү айтылат.

Тажикстандын башчысы Улуттук олимпиада комитетин дагы жетектеп, бул кызматка үч ирет дайындалган. 2015-жылы Тажикстанда "Эмомали Рахмон: элдин саламаттыгы — чексиз байлык" аталышындагы китеп чыгып, анда президенттин спорттун бир нече түрү менен алектенери жазылган. Бөтөнчө футбол, волейбол, теннис менен алектенгенди жакшы көрөрү айтылат. Ошондой эле ар кыл марафон, чуркоолорго катышып келет.

Эммануэль Макрон

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүЭммануэль Макрон убагында профессионал футболчу болгон.
Дүйнө лидерлери спорттун кайсы түрү менен машыгат? Путинден Трампка чейин - Sputnik Кыргызстан
Эммануэль Макрон убагында профессионал футболчу болгон.

Франциянын башчысы убагында профессионал футболчу болгон. Париждин "Л'Эна" клубунун намысын коргогон.

Ошондой эле теннис ойноп, бокс менен машыгат. Макрон Францияны 2017-жылдан тарта башкарып келет. Ал эң жаш президенттердин бири. Учурда 42 жашта.

Игорь Додон

Молдованын башчысы сегиз жылдан бери улуттук Шахмат федерациясын жетектейт. Шахматты бала кезинен баштап ойнойт. Кээде гана кесиптештери менен мелдешип турат. Додон бул оюнду орто окуу жайлардын предметинин программасына киргизүүнү демилгелеген.

Жастин Трюдо

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүЖастин Трюдо жеңил атлетика менен машыгып, сноуборд тээп, байдаркада сүзөт.
Дүйнө лидерлери спорттун кайсы түрү менен машыгат? Путинден Трампка чейин - Sputnik Кыргызстан
Жастин Трюдо жеңил атлетика менен машыгып, сноуборд тээп, байдаркада сүзөт.

Канаданын премьер-министри жеңил атлетика менен машыгып, сноуборд тээп, байдаркада сүзөт. Жумасына бир нече ирет бокс залына барып турат. Трюдо 2012-жылы консервативдик партиянын сенатору Патрик Бразо менен кайрымдуулук беттешин өткөрүп, аны утуп алган.

Трюдо Канаданын премьер-министри болуп 2015-жылдан бери иштеп келет.

Александр Лукашенко

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүАлександр Лукашенко азыркыга чейин хоккей ойноп, спорт сүйүүчүлөр арасында мелдешке катышып турат.
Дүйнө лидерлери спорттун кайсы түрү менен машыгат? Путинден Трампка чейин - Sputnik Кыргызстан
Александр Лукашенко азыркыга чейин хоккей ойноп, спорт сүйүүчүлөр арасында мелдешке катышып турат.

Белоруссиянын президенти азыркыга чейин хоккей ойноп, спорт сүйүүчүлөр арасында мелдешке катышып турат. Мамлекет башчынын өзүнүн хоккей командасы да түзүлүп, турнирлерден алдыңкы орундарды алып келет. Sputnik Беларусь маалымат агенттигинин жазышынча, Лукашенко хоккейден тышкары велоспорт, гандбол, баскетбол, футбол, лыжа тебүү жана сууда сүзүү менен алектенет. Анын спорттун бардык түрүнө убакыт тапканга аракет кылары айтылат.

Филипп VI

© Sputnik / Хавьер Луэнго / Медиабанкка өтүүФилипп VI профессионалдуу түрдө парус спорту менен алектенген.
Дүйнө лидерлери спорттун кайсы түрү менен машыгат? Путинден Трампка чейин - Sputnik Кыргызстан
Филипп VI профессионалдуу түрдө парус спорту менен алектенген.

Испаниянын падышасы профессионалдуу түрдө парус спорту менен алектенген. Ал 1992-жылы Барселонада өткөн Олимпиада оюндарына катышкан. Анын атасы, энеси жана эжеси да парус спорту менен алектенип, ири мелдештерде ат салышкан. Филипп VI машыгууларын калтырбаганга аракет кылат.

Си Цзиньпин

© REUTERS / Axel SchmidtСи Цзиньпин сууда сүзүү, баскетбол, бокс жана футбол менен алектенет.
Дүйнө лидерлери спорттун кайсы түрү менен машыгат? Путинден Трампка чейин - Sputnik Кыргызстан
Си Цзиньпин сууда сүзүү, баскетбол, бокс жана футбол менен алектенет.

Кытайдын төрагасы сууда сүзүү, баскетбол, бокс жана футбол менен алектенет. Ошондой эле будда уруш өнөрлөрү жана цигун дем алуу гимнастикасы менен машыгат.

Режеп Тайип Эрдоган

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРезеж Тайип Эрдоган бала кезинен бери футбол менен алектенет. 15 жашынан тарта жергиликтүү "Жамиалты Спор" жана İETT клубдарында ойногон.
Дүйнө лидерлери спорттун кайсы түрү менен машыгат? Путинден Трампка чейин - Sputnik Кыргызстан
Резеж Тайип Эрдоган бала кезинен бери футбол менен алектенет. 15 жашынан тарта жергиликтүү "Жамиалты Спор" жана İETT клубдарында ойногон.

Түркиянын башчысы бала кезинен бери футбол менен алектенет. 15 жашынан тарта жергиликтүү "Жамиалты Спор" жана İETT клубдарында ойногон. Кийинчерээк саясатка аралашып спортко көп убактысын бөлө албай калганы менен анда-санда убакыт таап ойноп турат.

Жорж Веа

© AFP / STEPHANE MAHE / POOL Жорж Таулон Манне Оппонг Усман Веа 1995-жылы ФИФАнын версиясы боюнча жылдын мыкты оюнчусу, Европанын мыкты футболчусу жана жылдын мыкты африкалык футболчусу аталып, "Алтын топтун" ээси болгон.
Дүйнө лидерлери спорттун кайсы түрү менен машыгат? Путинден Трампка чейин - Sputnik Кыргызстан
Жорж Таулон Манне Оппонг Усман Веа 1995-жылы ФИФАнын версиясы боюнча жылдын мыкты оюнчусу, Европанын мыкты футболчусу жана жылдын мыкты африкалык футболчусу аталып, "Алтын топтун" ээси болгон.

Былтыртан бери Либерияны футболчу Жорж Таулон Манне Оппонг Усман Веа жетектеп келет. Ал 1995-жылы ФИФАнын версиясы боюнча жылдын мыкты оюнчусу, Европанын мыкты футболчусу жана жылдын мыкты африкалык футболчусу аталып, "Алтын топтун" ээси болгон. Футбол жаатында карьерасы аяктагандан кийин саясий-гуманитардык иштер менен алектенген. Учурда мелдештерге катышпаса дагы топ тээп турат.

Саули Ниинистё

© AFP / ALEXEI NIKOLSKYСаули Ниинистё көркөмдөп муз тебүү, хоккей менен алектенет.
Дүйнө лидерлери спорттун кайсы түрү менен машыгат? Путинден Трампка чейин - Sputnik Кыргызстан
Саули Ниинистё көркөмдөп муз тебүү, хоккей менен алектенет.

Финляндиянын президенти көркөмдөп муз тебүү, хоккей менен алектенет. 2009-жылы Хельсинкидеги муз бийи боюнча Европа чемпионатынын уюштуруу комитетине кирип, иш-чаранын ачылышында спортчу Сусанна Ракамо менен бийлеген. Ал эми хоккейди калтырбай ойнойт. Былтыр Россиянын лидери Владимир Путин менен мелдешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0