Казакстанда телефонун зарядга коюп уктап калган кыз көз жумду

© Фото / Pixabay/ StockSnapДевушка за смартфоном
Девушка за смартфоном - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 28-сентябрь күнү Каратал районунун Бастобе айылында болгон. Жерине барган полиция кызматкерлери өспүрүмдүн жанында токко туташтырылган телефон болгонун көргөн.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Казакстанда телефонун зарядга туташтырган боюнча уктап калган окуучу кызды ток уруп каза болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

Окуя 28-сентябрь күнү Каратал районунун Бастобе айылында болгон.

Алматы облустук полиция департаментинен билдиришкендей, 14 жаштагы кыздын ата-энеси укук коргоо органдарына эртең менен кайрылган.

"Жерине барган полиция кызматкерлери өспүрүмдүн жанында токко туташтырылган телефон болгонун көргөн. Кыздын денесинде зордук-зомбулуктун белгиси жок. Кийин медиктер кызды электр тогу урганын аныкташты", — деп айтылат билдирүүдө.

Полиция "окуучу түн ичинде музыка угуп жатып уктап калып токко урунган" деп бүтүм чыгарды. Окуя кырсык катары бааланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0