БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр мурда айтылгандай 1-октябрдан тарта эмес, ноябрдын ортосунан баштап берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.
Ошол эле учурда айдоочулук күбөлүктүн ордуна 10-июндан тарта берилген бланктардын мөөнөтү 31-декабрга чейин узартылды. Мамлекеттик каттоо кызматы убактылуу алынган бланктын мөөнөтүн узартууга негиз жок экенин белгиледи.
"Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдүн жасалгасы жакшырып, сапаты да мыкты болот. Киши тууралуу маалыматтар жана сүрөттөр эски күбөлүктөрдөн айырмаланып лазер принтерден чыгарылат. Жалпысынан алганда жаңы документте 20дан ашык коргоо элементтери камтылган", — дешти Каттоо кызматынан.
Жаңы күбөлүктүн баасы 100 сом 86 тыйын болот. Буга чейин эски айдоочулук күбөлүктөрдүн баасы 12 евро же 920 сомду түзүп келген.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.